👑 Зергерчилик тармагы үчүн салыктык жеңилдиктер
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы зергерчилик тармагындагы ишкердик субъекттери үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык бир катар салыктык жеңилдиктер берилгенин маалымдайт.
Өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-декабрындагы «Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык киргизилген.
Аталган Мыйзамга ылайык, зергерчилик өндүрүшү үчүн арналган жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген жабдуулар, технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттар кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөдөн бошотулат.
Мындан тышкары, бул документ мурда алып келинген же өндүрүлгөн баалуу металлдардан жасалган зергер буюмдарынын калдыктарын эки айдын ичинде легалдаштырууну карайт жана легалдаштыруу мезгилинде Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө мораторий белгиленет.
Ошондой эле, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарын сыноо жана аларга тиешелүү сынамыкты тастыктаган өзүнүн эн белгиси менен эн тамга басуу функциялары ата мекендик зергер өндүрүүчүлөргө ыктыярдуу негизде өткөрүлүп берилет (мамлекеттик сыноо эн белгисинен тышкары).
Мыйзамдын негизинде Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине да өзгөртүүлөр киргизилди. Тактап айтканда, зер буюмдары менен иш жүргүзүүдө атайын каттоого турбастан ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчилик киргизилди (айып пул: жеке жактар үчүн – 5 000 сом, юридикалык жактар үчүн – 13 000 сом).
Белгилей кетсек, бул чаралар зергерчилик тармагын колдоого, продукциянын өздүк наркын төмөндөтүүгө, атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана өндүрүштү модернизациялоону тездетүүгө, ошондой эле заманбап технологияларды киргизүүгө жана эл аралык стандарттарга жооп берген зер буюмдарын чыгарууга шарт түзүүгө багытталган.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы Мыйзамга ылайык, зер буюмдарын өндүрүүчүлөр жана сатуучулар үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 0,25 пайыз өлчөмүндө белгиленген (буга чейин 2 пайыздан 4 пайызга чейинки ставкалар колдонулуп келген).
👑 Налоговые льготы для ювелирной отрасли
Государственная налоговая служба Кыргызской Республики сообщает, что для субъектов предпринимательства в сфере ювелирного производства предоставлен ряд налоговых льгот в соответствии с внесёнными изменениями в Налоговый кодекс КР.
Изменения внесены Законом КР «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов» от 31 декабря 2025 года.
Согласно данному Закону, от уплаты налога на добавленную стоимость освобождаются оборудование, технологии, реактивы и полуфабрикаты, предназначенные для ювелирного производства и ввозимые на территорию Кыргызской Республики.
Кроме того, данным документом предусматривается легализация остатков ранее ввезённых или произведённых ювелирных изделий из драгоценных металлов в течение двух месяцев с установлением моратория на проверки, проводимые органами налоговой службы в период легализации.
Также функции по опробованию и клеймению изделий собственным клеймом, подтверждающим соответствующую пробу (за исключением государственного пробирного клейма), на добровольной основе делегируются отечественным производителям ювелирных изделий из драгоценных металлов.
Законом внесены изменения в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях. В частности, введена ответственность за осуществление деятельности с ювелирными изделиями без постановки на специальный учет (штраф для физических лиц в размере – 5000 сом, для юридических лиц– 13 000 сом).
Отметим, данные меры направлены на поддержку ювелирной отрасли, снижение себестоимости продукции, повышение её конкурентоспособности и ускорение модернизации производства, а также на создание условий для внедрения современных технологий и выпуска ювелирных изделий, соответствующих международным стандартам.
Напомним, раннее Законом КР от 31 июля 2025 года для производителей и реализаторов ювелирных изделий, была установлена ставка единого налога в размере 0,25 процента (до этого применялись ставки от 2 до 4 процентов).