Срок перехода на единый налог для работающих за пределами КР продлён до 1 марта 2026 года

11/02/2026
270
Срок перехода на единый налог для работающих за пределами КР продлён до 1 марта 2026 года
📢 Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ишмердүүлүк жүргүзгөн салык төлөөчүлөргө бирдиктүү салыкка өтүү үчүн арыз берүү мөөнөтү 2026-жылдын 1-мартына чейин узартылды.

ℹ️ Салык кызматы Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ишмердүүлүк жүргүзүүнү пландаган салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-январынан тартып 0,1 пайыз ставкасы боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга милдеттүү экенин эскертет.

📝 Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, аталган салык системасын колдонуу үчүн салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-февралына чейин салыктык каттоодон өткөн жери боюнча 0,1 пайыздык ставкадагы бирдиктүү салыкка өтүү жөнүндө арыз берүүгө тийиш болгон.

⏰ Салык төлөөчүлөрдөн келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу, салык салуунун аталган системасына өтүү үчүн арыз берүү мөөнөтү 2026-жылдын 1-мартына чейин узартылды.

👉 Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү бирдиктүү салыктын негизинде атайын салык режимине өтүү үчүн аймактык салык органдарына арыз менен кайрылууга чакырат.

📢 Налогоплательщикам, осуществляющим деятельность вне территории Кыргызской Республики, срок подачи заявления для перехода на единый налог продлён до 1 марта 2026 года.

ℹ️ ГНС напоминает, что налогоплательщики, намеренные осуществлять деятельность вне территории Кыргызской Республики, обязаны с 1 января 2026 года применять упрощённую систему налогообложения на основе единого налога по ставке 0,1 процента.

📝 Для применения данной системы налогообложения, в соответствии с законодательством, необходимо было подать заявление о переходе до 1 февраля 2026 года в территориальные налоговые органы по месту налоговой регистрации.

⏰ В связи с поступающими обращениями налогоплательщиков срок подачи заявлений для перехода на указанную систему налогообложения продлён до 1 марта 2026 года.

👉 Налоговая служба призывает налогоплательщиков обратиться в территориальные налоговые органы с заявлением для перехода на специальный налоговый режим на основе единого налога.
Авторизуйтесь, для того чтобы оставить комментарий
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!