До 1 апреля организации, государственные и муниципальные служащие должны представить налоговую декларацию

17/02/2026
195
🗓️ 1-апрелге чейин уюмдар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер салык декларациясын тапшырууга тийиш

📢 Мамлекеттик салык кызматы 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү экенин эскертет.

📄 Белгиленген мөөнөткө чейин декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга тийиш:
• ата мекендик уюмдар (бюджеттен каржылануучу жана отчеттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдардан тышкары);
• туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар;
• мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;
• Судьяларды тандоо кеңешинин, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын, ошондой эле Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү.

⏰ Ошондой эле, жеке жактар жана жеке ишкерлер салык декларациясын 1-майга чейин тапшырууга тийиш.

💻 Салык декларациясы Cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу электрондук түрдө берилет.

📝 Белгилей кетсек, декларацияда кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматтар, экономикалык ишмердүүлүк, мүлк объектилери, жер тилкелери, ошондой эле отчеттук мезгил үчүн төлөнгөн салыктык милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлүшү керек.

ℹ️ Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

🗓️ До 1 апреля организации, государственные и муниципальные служащие должны представить налоговую декларацию

📢 Государственная налоговая служба Кыргызской Республики напоминает, что до 1 апреля юридические лица, государственные и муниципальные служащие должны представить единую налоговую декларацию.

📄 Так, до указанного срока декларацию обязаны подать:
– отечественные организации, за исключением финансируемых из бюджета и не имеющих налоговых обязательств по налогу на имущество за отчетный налоговый период;
– иностранные организации, осуществляющие деятельность на территории Кыргызской Республики с образованием постоянного учреждения;
– государственные и муниципальные служащие;
– члены Совета по отбору судей, Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов, а также правления Национального банка.

⏰ Также напомним, физические лица и индивидуальные предприниматели должны представить налоговую декларацию до 1 мая.

💻 Налоговая декларация подается в электронном виде через Кабинет налогоплательщика на сайте Cabinet.salyk.kg.

📝 Отметим, что в декларации необходимо указать сведения о доходах и расходах, экономической деятельности, объектах имущества, земельных участках, а также о сумме уплаченных налоговых обязательств за отчетный период.

ℹ️ Подробную информацию можно получить в местных налоговых органах, а также по телефону 116 или на сайте www.sti.gov.kg.
Авторизуйтесь, для того чтобы оставить комментарий
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!