Работа в выходные и нерабочие праздничные дни запрещается

25/02/2026
183
Эмгек кодексинин 67-беренеси. Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү иштөө
Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү иштөөгө тыюу салынат.
Кызматкерлерди дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү ишке тартуу алардын жазуу жүзүндөгү макулдуктары менен төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылат:
1) өндүрүштүк авариялардын, кыйроонун же табигый кырсыктын кесепеттерин алдын алуу же жоюу үчүн;
2) күтүлбөгөн кырсыктардын, мүлктөрдүн жок болушун же бузулушун алдын алуу үчүн;
3) бүтүндөй уюмдун же анын айрым бөлүмдөрүнүн андан аркы ченемдеги ишинин тез арада аткарылышынан көз каранды болгон күтүлбөгөн жумуштарды аткаруу үчүн.
Жумуш эмес майрам күндөрү өндүрүштүк-техникалык шарттар боюнча токтотуп турууга мүмкүн болбогон жумуштарга (үзгүлтүксүз иштөөчү уюмдарга), калкты тейлөө зарылдыгынан улам келип чыккан иштерге, ошондой эле кечиктирилгис оңдоп-түзөө жана жүктөө-түшүрүү иштерине уруксат берилет.
Трудовой кодекс КР
Статья 67. Работа в выходные и нерабочие праздничные дни
Работа в выходные и нерабочие праздничные дни запрещается.
Привлечение работников к работе в выходные и нерабочие праздничные дни осуществляется с их письменного согласия в следующих случаях:
1) для предотвращения или устранения последствий производственных аварий, катастроф или стихийных бедствий;
2) для предотвращения несчастных случаев, уничтожения или порчи имущества;
3) для выполнения непредвиденных работ, от срочного выполнения которых зависит в дальнейшем нормальная работа организации в целом или ее отдельных подразделений.
В нерабочие праздничные дни допускаются работы, приостановление которых невозможно по производственно-техническим условиям (непрерывно действующие организации), работы, вызываемые необходимостью обслуживания населения, а также неотложные ремонтные и погрузочно-разгрузочные работы.
Авторизуйтесь, для того чтобы оставить комментарий
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!