Саламатсыздарбы.
Менин атым Кайрат, жашым 40та. Мен Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарына жакын жайгашкан Сары-Камыш айылында жашайм.
Алты жылдан ашык убакыттан бери курулуш материалдарын сатуу менен алектенем.
Менин чакан күркөм бар, ал жерден адамдар курулушка керектүү нерселердин баарын: цемент, кирпич, кум, түтүктөрдү жана үй оңдоого керектүү ар кандай материалдарды сатып ала алышат.
Бирок бизнесимди жаңы баштаганда баары такыр башкача болчу. Чынын айтсам, башында абдан кыйын болду. Дүкөнүм жолдун боюнда жайгашканы менен, кардарлар аз эле. Кээде эртең менен дүкөндү ачып, товарларды тизип коюп, кардарларды күтчүмүн... кечке чейин эч ким келбей койгон күндөр болчу.
Мындай учурда күмөн санай баштайсың.
"Бизнести туура тандадымбы? Деги кардарлар болобу?" – деп ойлоносуң.
Ошондо мен бир маанилүү нерсени түшүндүм: эгер жөн эле кардар күтүп отура берсең, бизнес өспөйт. Ошондуктан мен коңшу айылдарды кыдыра баштадым. Адамдар менен сүйлөшүп, менде кандай материалдар бар экенин айтып, телефон номеримди калтырып жүрдүм. Кээде буйрутма алууга мүмкүн болчу, бирок бул өтө көп убакытты жана күчтү талап кылчу.
Бир күнү таанышым мага жөнөкөй эле кеңеш берди. Ал:
«Кайрат, товарларыңды интернетке чыгарып көрбөйсүңбү. Азыр көбү интернеттен издешет», – деди.
Чынын айтсам, башында ишенген жокмун.
«Курулуш материалын ким интернеттен сатып алсын? Адамдар адатта дүкөнгө эле келишет да»,
– деп ойлодум. Бирок баары бир байкап көрүүнү чечтим.
Мен lalafo платформасына катталып, бир нече жарыя бердим.
Башында үч эле нерсени: цемент, кирпич жана кумду чыгардым. Сүрөткө тартып, кыскача маалымат жазып, телефон номеримди калтырдым.
Анан эмне болгонун билесизби? Бир нече саатан кийин мага биринчи кардар жазды. Ал цемент бар-жогун жана коңшу районго жеткирип бере аламбы деп сурады. Бул менин эң биринчи онлайн-буйрутмам болду.
Бир аздан кийин дагы бир адам жазды. Андан кийин дагы. Мен бир маанилүү нерсени түшүнө баштадым: бүгүнкү күндө адамдар товарларды базардан же дүкөндөн эле издешпейт. Көпчүлүгү алгач интернеттен карашат. Телефонду ачып, сунуштарды көрүү, бааларды салыштыруу жана сатуучуга жазуу алар үчүн ыңгайлуу.
Муну түшүнгөндөн кийин, мен кийинки кадамга барууну чечтим. Интернетке дүкөнүмдөгү бардык товарларды коштум:
- шагыл;
- түтүктөр;
- ар кандай курулуш материалдары;
- оңдоо иштерине керектүү товарлар.
Ошондо мен күтпөгөн нерсе болду.
Кардарлар мени өздөрү таап башташты.
Мага менин шаарымдан эле эмес, коңшу райондордон, атүгүл башка шаарлардан да жаза башташты.
Бул аябай күтүүсүз болду.
Мурда мен кардар издесем, эми кардарлар мени издей башташты.
Бүгүнкү күндө менин бизнесим эки форматта иштейт:
- Офлайн-дүкөн: Адамдар келип, товарды көрүп, мени менен бетме-бет сүйлөшүп сатып алышат.
- Онлайн-сатуу: Адамдар жарыяларымды таап, билдирүү жазышат, чалышат жана буйрутма беришет.
Мунун аркасында менде абдан маанилүү артыкчылыктар пайда болду:
- Биринчиден, кардарлардын саны көбөйдү.
- Экинчиден, мен товар алып келүүнү жакшыраак пландай баштадым. Адамдар кайсы товарды көп издеп жатканын көрүп, аны алдын ала камдап коём.
- Эң негизгиси – бизнесим туруктуу болуп калды. Кирешем ишенимдүү болгондуктан, үй-бүлөм да өзүн коопсуз сезип калды.
Эмне үчүн мен бул окуяны сизге айтып жатам?
Анткени көпчүлүк: «Мен кичинекей шаарда же айылда жашайм. Менде мүмкүнчүлүктөр аз», – деп ойлошот. Бирок бул андай эмес. Бүгүнкү күндө интернет эрежелерди өзгөртүүдө. Ал ар кайсы аймактагы адамдарга төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:
- товар сатууга;
- кызмат көрсөтүүгө;
- кардарларды табууга.
Кайсы жерде жашаганыңыз маанилүү эмес. Башкысы – колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу. Бул курста биз башка тренерлер менен бирге сизге төмөнкүлөрдү көрсөтөбүз:
- Өзүңүздө кандай жөндөмдөр бар экенин кантип түшүнсө болот?
- Ал жөндөмдөрдү кантип кызматка же продукцияга айландыруу керек?
- Интернет аркылуу кардарларды кантип тапса болот?
- Кантип акырындык менен туруктуу кирешеге жетүүгө болот?
Ар бирибиз өз жолубузду басып өттүк. Кимдир бирөө бизнес кылса, кимдир бирөө чыгармачылык менен алектенет, дагы бирөө интернетте иштейт. Бирок баарыбызды бир идея бириктирет: эгер аракет кыла баштасаңыз, ар бир адамда мүмкүнчүлүк бар.
Эми кичинекей практикалык тапшырма:
Бир барак кагаз алыңыз же телефонуңузга жазыңыз. Жана ушул жөнөкөй суроого жооп бериңиз:
Сиз эмнени жакшы жасай аласыз?
Өтө татаал нерсени издөөнүн кереги жок. Бул күнүмдүк жашоодогу кадимки эле көндүмдөр болушу мүмкүн. Мисалы:
- кийим тигүү;
- тамак бышыруу;
- техника оңдоо;
- сүрөткө тартуу;
- товар сатуу;
- компьютер менен иштөө;
- видео монтаждоо;
- текст жазуу.
Учурда сизде бар эң аз дегенде үч жөндөмдү жазыңыз.
Кийинки сабактарда биз бул жөндөмдөрдү кантип реалдуу кирешеге айландырууну көрсөтөбүз. Ал эми кийинки сабакта менин кесиптешим, нарындык жаш мобилограф Бакай, кадимки эле телефонду кантип киреше табуу куралына айлантып, видео тартууга буйрутмаларды ала баштаганын айтып берет.
Кийинки сабактан көрүшкөнчө!