Салам!
Менин атым Бакай, жашым 21де, Нарын шаарынан болом.
Бүгүнкү күндө мен мобилограф жана видеограф болуп иштейм.
Мен жарнамалык роликтерди, кыска видеолорду, Reels жана бизнес үчүн, блогерлер же чакан компаниялар үчүн контент тартып берем.
Бирок бир кезде баары абдан жөнөкөй башталган.
Менин кымбат баалуу камерам, студиям же профессионалдык жабдыктарым жок болчу. Колумда көпчүлүк адамдардагыдай эле кадимки телефон бар эле.
Чынын айтсам, башында бул менин кесибим болуп калат деп такыр ойлогон эмесмин.
Мен жөн гана видео тартканды жакшы көрчүмүн.
Кээде досторум менен сейилдегенди, кээде майрамдарды, кээде жөн эле жаратылыштын кооз жерлерин тартчумун. Нарын – абдан кооз аймак, мага кызыктуу көз ирмемдерди камерага тартып алуу жагат эле.
Бара-бара мага жөн эле тартуу эмес, видео үчүн идеяларды ойлоп табуу да жага баштаганын байкадым.
Мен интернеттен видеолорду көрө баштадым. Блогерлер кантип тартышат, жарнаманы кантип жасашат, кыска роликтерди кантип монтаждашат – ушунун баарын изилдедим.
Андан кийин өзүм жасап көрө баштадым.
Башында булар жөнөкөй эле эксперименттер болчу:
- кыска видеолорду тарттым;
- монтаж жасап көрдүм;
- музыка, текст жана ар кандай эффекттерди коштум.
Кээде жакшы окшошсо, кээде окшошпой калчу.
Бирок ар бир жаңы ролик менен мен жаңы нерселерди үйрөнүп жаттым.
Бир күнү баарын өзгөрткөн окуя болду.
Менин бир таанышым кичинекей дүкөн ачып, мага мындай деди:
«Бакай, сен видео тартып жүрөсүң го. Менин дүкөнүмө кичинекей ролик жасап бере албайсыңбы?»
Чынын айтсам, бир аз толкундандым.
Бул менин эң биринчи буйрутмам болчу.
Дүкөндөн бир нече кадрларды тарттым, товарларды көрсөттүм, кыскача монтаж жасап, музыка коштум.
Биз бул видеону жарыялаганда, адамдар жазып, товарлар жөнүндө сурай башташты. Таанышым:
«Угуп турсаң, бул чын эле иштейт экен!» – деди.
Ошол учурда мен бир абдан маанилүү нерсени түшүндүм:
Мен үчүн жөн эле кызыгуу (хобби) болгон нерсе, иш жүзүндө киреше булагы боло алат экен.
Ошондон кийин мен бул ишке олуттуу карай баштадым.
Көбүрөөк машыгып, монтажды тереңирээк үйрөнүп, тартуу үчүн жаңы идеяларды издей баштадым.
Эмгектеримди адамдарга көрсөтүүнү чечтим.
Ал үчүн Инстаграмдан баракча ачып, видеолорумду жүктөй баштадым.
Башында жөнөкөй эле роликтер болчу.
Бирок бара-бара иштерим жакшыра баштады. Адамдар жаза башташты:
- «Тартуу баасы канча?»;
- «Биздин дүкөнгө видео тартып бере аласыңбы?»;
- «Бизге жарнама үчүн ролик керек».
Андан кийин мен дагы бир кадам жасадым.
Мен lalafo сайтына жарыя берип, бизнес үчүн видео жана жарнама тартарымды жаздым.
Бара-бара кардарлар мени өздөрү таап башташты.
Бүгүнкү күндө мен ар кандай буйрутмачылар менен иштейм.
Мен төмөнкүлөрдү тартам:
- дүкөндөр үчүн жарнамаларды;
- блогерлер үчүн видеолорду;
- социалдык тармактар үчүн кыска роликтерди;
- компаниялар үчүн контенттерди.
Кээде бул чакан долбоорлор, кээде ири иштер болот.
Бирок эң кызыгы эмнеде экенин билесизби?
Баштоо үчүн сөзсүз эле кымбат техниканын кереги жок.
Көптөр видео тартуу үчүн кымбат камера, студия жана көп жабдык керек деп ойлошот.
Албетте, профессионалдык техника жардам бериши мүмкүн.
Бирок чындыгында колдо бар нерсе менен эле баштаса болот.
Кээде төмөнкүлөр эле жетиштүү:
- жөнөкөй телефон;
- жакшы идея;
- үйрөнүүгө жана машыгууга болгон каалоо.
Бүгүнкү санариптик экономикада контент түзүүгө байланыштуу жөндөмдөр абдан жогору бааланат.
Мисалы:
- видео тартуу;
- cүрөткө тартуу;
- дизайнж;
- текст жазуу;
- социалдык тармактарды иштетүү (SMM);
- жарнама түзүү.
Компаниялар, дүкөндөр жана ишкерлер мындай контентти жасай алган адамдарды ар дайым издешет.
Эң кызыгы – бул жөндөмдөрдүн көбүн акырындап өздөштүрүп алса болот.
Болгону баштоо керек.
Башында бул кичинекей долбоор болушу мүмкүн.
Андан кийин дагы бирөө.
Убакыттын өтүшү менен тажрыйба топтоп, портфолио түзөсүз, ошондо кардарлар сизге көбүрөөк ишенип башташат.
Эми кичинекей практикалык көнүгүү жасайлы:
Телефонуңузду же бир барак кагаз алыңыз жана сизде бар үч жөндөмдү жазыңыз. Бул сөзсүз эле татаал нерсе болбошу керек.
Мисалы:
- сүрөткө тартуу;
- тамак бышыруу;
- кийим тигүү;
- техника оңдоо;
- сүрөт тартуу;
- компьютер менен иштөө;
- видео жасоо.
Көп учурда адамдар өз жөндөмдөрүн баалабай, "бул эч нерсе эмес" деп ойлошот.
Бирок иш жүзүндө алардын көбү келечектеги кесиптин же бизнестин негизи боло алат.
Кийинки сабактарда биз бул жөндөмдөрдү кантип кызматка айландырып, акча таба баштоону көрсөтөбүз.
Ал эми кийинки сабакта менин кесиптешим, Чүй облусунан келген ишкер айым Акылай, айылда кантип бизнести өнүктүрүп, Кыргызстандын ар кайсы шаарларынан кардарларды тартууга болорун айтып берет.
Кийинки сабактан көрүшкөнчө!