Запущен помощник по заполнению отчетности по косвенным налогам

11/04/2025
639
Запущен помощник по заполнению отчетности по косвенным налогам
1 из 6
 Кыйыр салыктар боюнча отчетту толтурууга жардамчы ишке киргизилди

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы кыйыр салыктар боюнча FORM STI-123_5 отчётун тапшыруу үчүн жаңы функционал ишке киргизди.

Эми салыктөлөөчүлөр FORM STI-123_5 кыйыр салыктар боюнча отчет формасын толтурууда
атайын жардамчыны пайдалана алышат. Бул жардамчы отчетту даярдоо жана тапшыруу процесстерин жеңилдетет.

Жардамчы аркылуу отчетту түзүү үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:
– Жеке кабинетке кирүү cabinet.salyk.kg баракчасында башкы беттин төмөн жагында жайгашкан “Жардамчылар” бөлүмүнө өтүңүз;
– FORM STI-123_5 кыйыр салыктар боюнча отчет формасын толтуруучу жардамчыны тандаңыз;
– Отчеттун электрондук формасын толтуруңуз;
– Excel форматындагы отчеттун файлын түзүп, сактап алыңыз;
– Жеке кабинетиңиздеги кыйыр салыктар боюнча отчетторду берүү сервисине өтүңүз.

Даярдалган файлды жүктөп, салык органына жөнөтүңүз.

Бул функционал салык төлөөчүлөр үчүн салык отчеттун түзүү жана тапшыруу процессин жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан.

*Кыйыр салыктар — бул товардын же кызмат көрсөтүүнүн баасына кошулган кошумча үстөк.
Авторизуйтесь, для того чтобы оставить комментарий
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!