🔷 В целях реализации Указа Президента Кыргызской Республики от 8 января 2025 года № 1 «О мерах по уменьшению налоговой нагрузки населению и субъектов предпринимательства и совершенствованию администрирования налогообложения», Кабинетом Министров Кыргызской Республики внесены изменения и дополнения в постановление Кабинета Министров от 18 февраля 2022 года № 84.
🔹 Утверждённый Перечень видов деятельности, осуществляемых на основе патента, дополнен новым видом деятельности — «Сдача в наем, в аренду недвижимого имущества: нежилой площади, используемой для торговой деятельности, расположенной на территории рынков и мини-рынков».
🔹 Данный вид деятельности предоставляет физическим лицам право уплачивать налог на основе патента от суммы дохода, получаемого от сдачи в субаренду торгового помещения, используемого в торговой деятельности.
👤 Для удобства налогоплательщиков предусмотрена возможность оформления и оплаты электронного патента в онлайн формате через «Кабинет налогоплательщика». Также граждане могут обратиться в территориальный налоговый орган по месту нахождения имущества.
📞 Дополнительную информацию можно получить по телефону: 116.
____________
🔷 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 8-январындагы № 1 “Калктын жана ишкердик субъекттеринин салык түйшүгүн азайтуу жана салык салууну администрациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында КРдин Министрлер Кабинети тарабынан Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.
🔹 Патенттин негизинде ишке ашырылуучу ишмердиктин түрлөрүнүн бекитилген тизмеси иштин жаңы түрү менен толукталды — “Кыймылсыз мүлктү жалдоо, ижарага берүү: базарлардын жана кичи базарлардын аймагында жайгашкан, соода иши үчүн пайдаланылуучу турак жай эмес аянт”.
🔹 Бул ишмердиктин түрү жеке жактарга соода ишинде пайдаланылуучу соода жайын субижарага берүүдөн алынган кирешенин суммасынан патенттин негизинде салык төлөө укугун берет.
👤 Салык төлөөчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу онлайн форматта электрондук патентти тариздөө жана төлөө мүмкүнчүлүгү каралган. Ошондой эле жарандар мүлктүн жайгашкан жери боюнча аймактык салык органына кайрыла алышат.
📞 Кошумча маалыматты 116 номери аркылуу алууга болот.