Запуск пилотного проекта по внедрению ФПО

04/07/2025
570
Запуск пилотного проекта по внедрению ФПО
1 из 2
Маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоор ишке кирүүдө

📢Салык кызматы Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген, маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону (ФПК) колдонуу боюнча пилоттук долбоордун башталгандыгы тууралуу маалымдайт.

⏰Пилоттук долбоор 2025-жылдын 1-августунда старт алып, 2026-жылдын 31-июлуна чейин Бишкек, Жалал-Абад жана Ош шаарларында жүргүзүлөт.

📌Бул демилге салыктык башкарууну жакшыртууга жана товарлардын, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебин жүргүзүү үчүн колдонулуучу ички эсепке алуу системаларына (мисалы, Rkeeper, 1С жана башка программалар) бирдиктүү талаптарды киргизүүгө багытталган.

💼Пилоттук долбоорго төмөнкү салык төлөөчүлөр катышат:
– 50дөн ашуун керебет оруну бар мейманканалар;
– 100дөн ашык отургуч оруну бар ресторандар жана барлар же тейлөө залынын аянты 100 чарчы метрден ашкан мекемелер;
– күйүүчү-майлоочу майларды (КММ) саткан май куюучу жайлар (АЗС).
Башка салык төлөөчүлөр салык органдары менен макулдашуу аркылуу ыктыярдуу негизде катыша алышат.

🔹Салык кызматы фискалдык программалык камсыздоо операторлорун кызматташууга жана долбоорго катышуу үчүн диалогго чакырат. Бул бизнеске көрсөтүлүүчү кызматтар менен эсепке алуу процесстерин сапаттуу жана натыйжалуу санариптештирүүгө шарт түзөт.
Авторизуйтесь, для того чтобы оставить комментарий
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!