Компенсация морального вреда — это защита нематериальных прав, когда человек сталкивается со стрессом, унижением или страданиями из-за незаконных действий. В Кыргызстане она может быть взыскана, например, за незаконное увольнение, публичные оскорбления или произвол со стороны госорганов.
Чтобы добиться компенсации, нужно доказать сам факт вреда и связь с действиями нарушителя. Подойдут справки, переписка, показания свидетелей. Размер выплат определяет суд.
_____________
🔷 Моралдык зыян үчүн компенсация — бул адам мыйзамсыз аракеттердин айынан стресс, кемсинтүү, оору же башка кыйынчылыктарды баштан өткөргөндө анын материалдык эмес укуктарын коргоонун бир формасы. Кыргызстанда моралдык зыянга төмөнкүдөй учурларда компенсация берилет: мыйзамсыз жумуштан бошотуу, коомдук шылдыңга алуу, мамлекеттик органдардын укукка каршы аракеттери жана башка ушул сыяктуу жагдайларда.
Компенсация алуу үчүн моралдык зыяндын келтирилгенин жана ошол зыян менен жоопкер тараптын аракеттеринин ортосундагы себеп-тескери байланышты далилдөө маанилүү. Бул күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, медициналык маалымкаттар, жазышуулар жана башка далилдер менен тастыкталышы мүмкүн. Компенсациянын өлчөмүн сот иштин жагдайларына жараша аныктайт.