КР Эмгек кодексинин 27-беренеси. Иш жана эмгек акы төлөөнүн өлчөмү жөнүндө документтерди берүү
⠀
Иш берүүчү кызматкердин, анын ичинде мурдагы кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча 5 жумуш күндөн кечиктирбестен ишке байланыштуу документтердин (ишке кабыл алуу, башка ишке которуу, иштен бошотуу жөнүндө буйруктар, эмгек китепчесинен көчүрмөлөр, эмгек акысы жана ошол уюмдагы иштеген мезгили жөнүндө маалымкаттар жана башкалар) талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү.
⠀
Статья 27. Выдача документов о работе и размере оплаты труда
Работодатель обязан выдать не позднее 5 рабочих дней по письменному заявлению работника, в том числе бывшего, надлежаще заверенные копии документов, связанных с работой (приказы о приеме на работу, переводах на другую работу, увольнении с работы, выписки из трудовой книжки, справки о заработной плате и периоде работы в данной организации и другое).
⠀
Все о трудовых правах!