Жумушчунун эмгек акысынан төмөнкү милдеттүү кармоолор жүргүзүлөт:
⠀
✅️ Киреше салыгы — 10 %;
✅️ Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрү — 10 %.
Эскертүү: айрым кызматкерлердин категориялары үчүн кармоолордун тартибине жана ченемине байланыштуу өзгөчөлүктөр бар.
Мисалы, иштеп жаткан пенсионерлер үчүн Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрү 8 % өлчөмүндө жүргүзүлөт.
⠀
Мисал келтирүү:
Жумушчунун айлыгы — 40 000 сом.
Камсыздандыруу төгүмдөрү (эмгек акысынан кармалат):
40 000 × 10 % = 4 000 сом.
Киреше салыгы:
Баштапкы сумма: 40 000 сом
Камсыздандыруу төгүмдөрүн алып салабыз: 40 000 – 4 000 = 36 000 сом
Стандарттык чыгарып салуулар:
36 000 – 650 = 35 350 сом
Үч бала үчүн чыгарып салуулар (ар бири 100 сомдон):
35 350 – 300 = 35 050 сом
Салык салынуучу база: 35 050 сом
Киреше салыгы:
35 050 × 10 % = 3 505 сом
Колго тийүүчү сумма:
40 000 – 4 000 – 3 505 = 32 495 сом
Мындан тышкары, жумуш берүүчү өзүнүн каражатынан Социалдык фондго кошумча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт. Анын көлөмү жалпы эмгек акы фондунун 2,25 %дан 17,25 %га чейин түзөт.
⠀
Из заработной платы работника производятся обязательные удержания:
⠀
✅️ подоходный налог — 10 %;
✅️ страховые взносы в Социальный фонд — 10 %.
Важно: у работающих пенсионеров страховые взносы в Социальный фонд составляют 8 %.
⠀
Пример расчёта:
Заработная плата работника — 40 000 сомов.
Страховые взносы (удерживаются из зарплаты):
40 000 × 10 % = 4 000 сомов.
Подоходный налог:
Исходная сумма: 40 000 сомов
Минус страховые взносы:
40 000 – 4 000 = 36 000 сомов
Минус стандартный вычет:
36 000 – 650 = 35 350 сомов
Минус вычет на троих детей (по 100 сомов): 35 350 – 300 = 35 050 сомов
Налоговая база: 35 050 сомов
Подоходный налог: 35 050 × 10 % = 3 505 сомов
Сумма к выплате «на руки»:
40 000 – 4 000 – 3 505 = 32 495 сомов.
⠀
Также работодатель перечисляет в Социальный фонд страховые взносы в размере от 2,25 % до 17,25 % от общего фонда оплаты труда.