Кызматкерге анын арызы боюнча баласы 3 жашка толгонго чейин бала багуу боюнча эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүү берилет. Тараптардын макулдашуусу боюнча мындай өргүү каалаган убакта жана ар кандай узактыкта берилиши мүмкүн.
⠀
Кызматкер баласы үч жашка толгонго чейин бала багуу боюнча өргүүнү толук же бөлүп-бөлүп пайдалана алат. Бала багуу боюнча өргүү баланын атасы, чоң энеси, чоң атасы, башка тууганы же баланы багууну иш жүзүндө жүзөгө ашырып жаткан камкорчусу тарабынан да толук же бөлүп-бөлүп пайдаланылышы мүмкүн.
⠀
Аялдын же ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын арыздары боюнча бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн убакта алар толук эмес жумуш убактысы шартында же үйүндө иштей алат.
⠀
Көрсөтүлгөн кызматкерлерге бала багуу боюнча өргүү убагында иштеген орду (кызмат орду) сакталат.
⠀
Бала багуу боюнча өргүү жалпы эмгек стажына, ошондой эле адистиги боюнча иш стажына кошулуп эсептелет (жеңилдетилген шартта, иштеген жылдары үчүн пенсия дайындалгандан тышкаркы учурларда жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка учурларда).
⠀
Статья 80 Трудового кодекса КР
⠀
Работнику по заявлению предоставляется дополнительный отпуск без сохранения заработной платы по уходу за ребенком до достижения ребенком возраста 3 лет. По соглашению сторон такой отпуск может быть предоставлен в любое время и любой продолжительности.
⠀
Работник может использовать отпуск по уходу за ребенком до достижения им возраста 3 лет полностью или по частям. Отпуск по уходу за ребенком может быть использован полностью или по частям также отцом ребенка, бабушкой, дедом, другим родственником или опекуном, фактически осуществляющим уход за ребенком.
⠀
За указанными работниками за время отпуска по уходу за ребенком сохраняется место работы (должность).
⠀
Отпуск по уходу за ребенком засчитывается в общий трудовой стаж, страховой стаж, а также в стаж работы по специальности.