КР Эмгек кодексинин 9-беренеси.
⠀
Эмгек чөйрөсүндө басмырлоого жол бербөө
⠀
Ар ким өзүнүн эмгек укуктарың жана эркиндиктерин ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүккө ээ.
⠀
Эч ким жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, курагына, жашаган жерине, динге болгон мамилесине, саясий ынанымдарына, коомдук бирикмелерге таандыктыгына же таандык эместигине, соттолгондугуна (эмгек боюнча өз ара мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган чектөөлөрдөн тышкары), ошондой эле кызматкердин ишкердик сапаттарына жана анын эмгегинин натыйжаларына байланышпаган башка жагдайларга жараша эмгек укуктары жана эркиндиктери чектелиши же аларды ишке ашырууда кандайдыр бир артыкчылыктарга ээ болушу мүмкүн эмес.
⠀
Бирдей баалуулуктагы эмгек үчүн бирдей эмес эмгек акы төлөөгө жол берилбейт.
⠀
Эмгек чөйрөсүндө басмырлоого, анын ичинде эмгек чөйрөсүндө зомблукка, ыдык көрсөтүүгө, куугунтукка дуушар болду деп эсептелген адамдар бузулган укуктарын калыбына келтирүү, материалдык зыяндын ордун толтуруу жана моралдык зыянды компенсациялоо жөнүндө тиешелүү арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
⠀
Законом запрещается дискриминация, насилие, домогательства на рабочих местах.
⠀
Никто не может быть ограничен в трудовых правах и свободах или получать какие-либо преимущества при их реализации в зависимости от пола, расы, национальности, языка, происхождения, имущественного и должностного положения, возраста, места жительства, отношения к религии, политических убеждений, принадлежности или непринадлежности к общественным объединениям, судимости (за исключением ограничений, предусмотренных законодательством в сфере трудовых взаимоотношений), а также от других обстоятельств, не связанных с деловыми качествами работника и результатами его труда.
⠀
Не допускается неравная оплата за труд равной ценности.
⠀
Лица, считающие, что они подверглись дискриминации в сфере труда, в том числе насилию, домогательству, преследованию в сфере труда, вправе обратиться в суд с соответствующим заявлением о восстановлении нарушенных прав, возмещении материального ущерба и компенсации морального вреда.