📃 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 413 Токтомуна ылайык, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө тартиби жөнүндө" нускамасына өзгөртүүлөр киргизилгендигин маалымдайт.
🔷 Жаңы ченемдерге ылайык, камсыздандыруу полистерин сатып алуу аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө шарттары өзгөрдү.
🔶 2025-жылдын 1-августунан тартып камсыздандыруу полисин төмөнкү шарттарда сатып алууга болот:
• отчеттук ай үчүн ишмердикти жүзөгө ашырууга чейин, же
• отчеттук мезгилден кийинки айдын ичинде.
Эми салык төлөөчү камсыздандыруу полисин алдын ала сатып алышы керек.
Аны төмөнкүчө тариздөөгө болот:
• алдын ала — мисалы, бир нече айга же ошол жылдын аягына чейин;
• өткөн убакытка — болгону бир ай артка.
Мисалы:
2025-жылдын август айында сиз:
• полисти алдын ала — август, сентябрь айларына, жылдын аягына чейин же андан да узагыраак мөөнөткө тариздей аласыз;
• өткөн ай үчүн полисти — болгону 2025-жылдын июль айына тариздей аласыз.
Эгерде төлөмдү кечиктирсеңиз, болгону бир ай артка кайтууга мүмкүн, андан ашык болбойт.
📝 Буга байланыштуу Салык кызматы камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн төлөөчүлөргө мөөнөттөрдү бузбоо үчүн полисти алдын ала тариздөөнү сунуштайт.
📌 Эскерте кетсек, отчет өз убагында берилбесе жана/же камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнбөсө, мыйзамдарга ылайык айыптар жана башка санкциялар колдонулат.
Уландысы комментарийде ⬇️
📃 Государственная налоговая служба при Кабинете Министров Кыргызской Республики информирует, что в соответствии с Постановлением Кабинета Министров Кыргызской Республики от 15 июля 2025 года № 413 внесены изменения в Инструкцию «О порядке начисления и уплаты страховых взносов по государственному социальному страхованию».
🔷 Согласно новым нормам изменились условия уплаты страховых взносов через приобретение страховых полисов.
🔶 С 1 августа 2025 года страховой полис может быть приобретён:
• до начала осуществления деятельности за отчётный месяц, либо
• в течение следующего месяца за отчётный период.
Теперь налогоплательщик должен покупать страховой полис заранее.
Полис можно оформить:
• на любой период вперёд — например, сразу на несколько месяцев или до конца года;
• задним числом — только за один месяц назад.
Пример:
В августе 2025 года можно:
• оформить полис заранее — за август, сентябрь, весь оставшийся год и даже дольше;
• оформить полис задним числом — только за июль 2025 года.
Если вы опоздали с оплатой, вернуться можно лишь на один месяц назад — не больше.
📝 В этой связи налоговая служба рекомендует плательщикам, осуществляющим уплату страховых взносов путём приобретения страховых полисов, заблаговременно оформлять полис, чтобы избежать нарушений сроков.
📌 Напоминаем, что в случае несвоевременного представления отчётности и/или уплаты страховых взносов, законодательством предусмотрены штрафы и иные санкции.