Англис тилин канча убакытта үйрөнсө болот? Бул суроону мага бергенде, мен сизге кайра суроо берем?
- Сиздин азыркы деңгээлиңиз кандай?
- Кайсыл деңгээлге жетишти каалап жатасыз?
- Кайсыл жерде жашайсыз? ( Кыргызстан, Европа, Америка же башка өлкөлөрдө. Анткени: тил үйрөнүү жашаган жериңизден да кандайдыр бир процент көз каранды. )
- Күнүнө канча убакыт бөлөсүз тил үйрөнүү үчүн?
Статистикага карасак 👀
Нөлдөн баштап - A1 башталгыч деңгээлге чейин : 70 саат
Башталгыч деңгээлден -
A2 ( elementary) деңгээлине чейин 150 саат
A2 - B1 = 300 саат
B1 - B2 = 200 саат
B2 - C1 = 200 саат
C1 - C2 = 200 саат
Эми эсептеп карап көргүлө. Бирок , коркуп 😱 кетпегиле дальше окуйбуз👇
🌱 Мен бул сандарга толук кошулбайм . Менин өзүмдүн опытыман алып жана башка тастыктоолорго карап айтам
Англис тилин аз сааттан бирок, күндө үйрөнгөн эффективдүү .
🌱Англис тил үйрөнүү сиздин максатыңызга жараша да болот.
Эгерде сиз базалык деңгээлде гана билгим келет десеңиз анда минимум 3 ай талап кылынат. Буга сиз ойлобоңуз 3 айлык курс окуп койсом болду базалык билип калам деп. Жок. Сөзсүз түрдө кошумча өз алдыңызча
• Listening • Speaking • Writing• Reading
Угуп, сүйлөп жазып, окуп кайталап турушуңуз керек болот.
🌱 Жок, мен англис тилинде эркин сүйлөп калгым келет десеңиз анда чек жок, мынча убакытта сүйлөп каласың деген.
🌱 Менин опытыман алып карасам мен үчүн чек жок, мен эртен үйрөнүп калам 2-3 айда билип калам дебейм мен каалаган бош убакытта англис тилин үйрөнө берем . Бирок мен күндө сөзсүбир нерсе жасайм ( угам же сүйлөйм же жазам, окуйм, кайталайм ж.б)
Англис тили ~ тил эле эмес ,
эгер сиз аны окуп үйрөнүп баштаганда аны сезип да баштайсыз . Качан анын ичине кирип билип баштаганда өйдөдөгү цифраларга көңүл бурбай каласыз жана << Канча убакытта англис тилин үйрөнсөм болот ?>> , деген суроону да бербей каласыз .
Демек так жооп: Ар бир адамдын өзүнөн көз каранды.
Өзүңүзгө честный болуңуз. Мен чындап эле тил үйрөнүүгө даярмынбы? Чындап эле каалаймынбы? Өз алдымча эмнелерди жасап жатам деген сыяктуу суроолорду бериңиз .
🌱 Даяр болсоңуз анда күнүнө 20-30 минутаңызды аябаңыз.
Мен сизге ишенем Ийгилик. Пост пайдалуу болсо мага лайк басып сактап алыңыз❤️