Англис тилин тушуном, бирок суйлой албайм, эмнеге?

12/01/2024
426
Англис тилин тушуном, бирок суйлой албайм, эмнеге?
Англис тилин түшүнөм бирок сүйлөй албайм?
Эгерде сизде да ушундай көйгөй болгон болсо постту аягына чейин окуңуз.👇

🌱 Мен азыр бир себебин айтып берем. Англис тилин жаңы үйрөнүп баштаганыңызда, бир гана үйрөнө бергенсиз. Азыр түшүнүп алайын, билип алайын анан сүйлөйм деп, жөн эле кабыл ала бергенсиз.
🌱 Себеби: Сиз ойлогонсуз 🤔
<< Менин деңгээлим башталгыч>> , англис тилдин баарын үйрөнүп анан сүйлөйм дегенсиз. Ачыгын эле айтайын мен да университетте окуп жүргөндө ошентип ойлогом😀
Биринчи, экинчи курста бир гана окуп билип алайын анан сүйлөп калам , баардык грамматиканы үйрөнүп грамотная болуп алайын анан сүйлөйм деп . Андай болгон жок😪

🌱 Мына ушул нерсенин себебинен бирөө айтса түшүнөсүз бирок сүйлөгөнгө келгенде сүйлөй албайсыз. Анткени : Үйрөнгөн нерсеңизди дароо практика кылган эмессиз.

🌱 Чечүү жолу: Азыр башталгыч деңгээлдесизби же орто деңгээлби кайсыл убакта болбосун , маалыматты кабыл алуучу эле болбой аны ошол убакытта дароо практика кылышты үйрөнүңүз. Анткени практика жок тил жок.
Авторизуйтесь, для того чтобы оставить комментарий
Новости проекта
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!