📑 Эсеп-фактураларды тариздөө мөөнөттөрү жаңыртылды
⏳ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө жеке ишкерлер жана уюмдар үчүн кызмат көрсөтүүлөр жана жумуш аткаруу боюнча эсеп-фактураларды тариздөө мөөнөттөрүнүн өзгөргөндүгү тууралуу маалымдайт.
📌 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 токтомуна ылайык, эсеп-фактура эми отчеттук айдан кийинки айдын он жумушчу күнүнөн кечиктирилбестен таризделиши керек.
📈 Аталган эреже ошондой эле соода платформалары аркылуу товарларды сатуу, калкка кызмат көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу учурларына да жайылтылат.
💡 Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө колдонуудагы мыйзамдардын талаптарынын толук сакталышын камсыз кылуу үчүн электрондук эсеп-фактураларды тариздөөдө белгиленген мөөнөттөрдү эске алууну сунуштайт.
***
📑 Обновлены сроки оформления счетов-фактур
⏳ Государственная налоговая служба при Кабинете Министров Кыргызской Республики информирует налогоплательщиков об изменении сроков оформления счетов-фактур на услуги и выполнение работ для индивидуальных предпринимателей и организаций.
📌 Согласно Постановлению Кабинета Министров Кыргызской Республики от 28 августа 2025 года № 533, счет-фактура на услуги и работы теперь должна оформляться не позднее десяти рабочих дней месяца, следующего за отчетным.
📈 Указанное правило распространяется также на случаи реализации товаров через торговые платформы, оказания услуг и выполнения работ населению.
💡 Государственная налоговая служба рекомендует налогоплательщикам учитывать установленные сроки при оформлении электронных счетов-фактур, чтобы обеспечить полное соблюдение требований действующего законодательства.