Кызматкерлердин санын же штаттык санын кыскартууга байланыштуу, ошондой эле ишкананын жоюлушуна байланыштуу эмгек келишими токтотулганда кызматкерди иштен бошотуунун өзгөчө тартиби жана жол-жобосу каралат.
⠀
Кызматкер штаттын, кызматкерлердин санынын кыскарышына, ошондой эле ишкананын жоюлушуна байланыштуу иштен бошотуу жөнүндө бир ай мурда жазуу жүзүндө эскертилүүгө тийиш, б.а. эскертүүдөн кийин бир айдан эрте, кызматкер иштен бошотулушу мүмкүн эмес, ал эми кийин – бошотулушу мүмкүн.
⠀
Кызматкер штаттын кыскарышына байланыштуу иштен бошотулганда ага орточо айлык эмгек акынын экиден кем эмес өлчөмүндө бошотуу жөлөк пулу төлөнөт.
⠀
Эгерде кыскартылган кызматкер жумуштан бошогондон кийин 10 жумуш күнү ичинде иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматында жумуш издөөчү катары каттоого турса, анда ал жумуш издөө мезгилине 3 айга бошотуу жөлөк пулун эске алуу менен орточо айлык эмгек акысы сакталып калат.
⠀
Бул жумуштан бошотулган күндөн тартып биринчи ай үчүн кызматкерге орточо айлык эмгек акынын экиден кем эмес өлчөмүндө бошонуу жөлөк пулу төлөнөт, жумуш издөөнүн экинчи жана үчүнчү айлары үчүн кызматкерге орточо айлык эмгек акысы сакталат, б.а. жалпысынан кеминде төрт орточо айлык эмгек акысы сакталып турат дегенди түшүндүрөт.
⠀
Увольнение по сокращению штата — что нужно знать!
⠀
Если вас увольняют по сокращению штатов закон требует особого порядка:
⠀
- Работодатель обязан предупредить вас письменно минимум за 1 месяц.
⠀
- Профсоюз (если он имеется) должен дать согласие на увольнение.
⠀
-Преимущество остаётся у тех, у кого выше квалификация и производительность труда.
⠀
Выходное пособие — не меньше двух среднемесячных зарплат.
⠀
Если в течение 10 дней после увольнения вы встали на учёт в службе занятости,
то ещё 2 месяца вам выплачивается среднемесячная зарплата.
⠀
В итоге — не меньше 4 среднемесячных заработков!
⠀
А коллективный договор может предусматривать ещё больше.