ГНС усиливает аналитический контроль для выявления недобросовестных предпринимателей

13/10/2025
477
Салык кызматы ак ниетсиз ишкерлерди аныктоо үчүн аналитикалык көзөмөлдү күчөтөт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун өзгөчө тапшырмасы боюнча Салык кызматы товарларды импорттоодо жашыруун схемаларды колдонгон жана салык төлөөдөн качкан ак ниетсиз ишкерлерди аныктоо үчүн аналитикалык иштерге басым жасайт.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

“Салык кызматынын борбордук аппаратынын түзүмү өзгөртүлдү. Азыр үч ири башкармалык иштеп жатат, алар 40тан ашык модулдарды камтыган биздин IT-системабыз аркылуу маалыматтарды текшерип, талдап жатышат. Бул ошол эле ЭЭФ жана ККМ, ошондой эле бажы кызматынын модулуна кирүү мүмкүнчүлүгү. Биз компанияларды көрүп турабыз: мисалы, товар бажы аркылуу үчүнчү өлкөлөрдөн келген, төлөнгөн жана андан ары өлкөнүн аймагында, товар сатылган жерде, кимге жана канча сатылганына көз салабыз. Иштин бул бөлүгү дагы күчөтүлдү”, – деп белгиледи төраганын орун басары.

“Биз ошондой эле өндүрүш компанияларга дагы анализ кылып жатабыз: канча чийки зат алынган жана канча продукция, кандай баада чыгарылган. Бул бизге жашыруун схемаларды аныктоого жана салыктык кирешелердин толуктугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет”, — деп кошумчалады ал.

ГНС усиливает аналитический контроль для выявления недобросовестных предпринимателей

По особому заданию председателя Государственной налоговой службы при Кабинете Министров Кыргызской Республики Алмамбета Шыкмаматова, налоговая служба делает упор на аналитическую работу для выявления недобросовестных предпринимателей, использующих серые схемы при импорте товаров и уклоняющихся от уплаты налогов.

Об этом заявил заместитель председателя Государственной налоговой службы Кубанычбек Ысабеков в эфире радиопрограммы “Биринчи радио”.

«Была изменена структура Центрального аппарата ГНС. Сейчас функционируют три крупных управления, которые проверяют и анализируют данные с помощью нашей IT-системы, включающей более 40 модулей. Это те же ЭСФ и ККМ, а также доступ к модулю таможенной службы. Мы видим компании: например, товар пришёл с третьих стран через таможню, оплачен — и дальше на территории страны, где товар реализован, мы отслеживаем кому и сколько продано. Эта часть работы также усилена», — отметил заместитель председателя.

«Мы также анализируем производственные компании: сколько получено сырья и сколько выпущено продукции, по какой стоимости. Это позволяет нам выявлять недобросовестные схемы и обеспечивать полноту налоговых поступлений», — добавил он.
Авторизуйтесь, для того чтобы оставить комментарий
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!