График отпусков
⠀
КР Эмгек кодексинин 73-беренеси. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнү тариздөө, эсепке алуу жана берүүнүн кезектүүлүгү
⠀
1. Өргүү буйрук (тескеме, токтом) же өргүү жөнүндө кат менен таризделет, ага иш берүүчүнүн атынан кол коюлат.
⠀
2. Иш берүүчү өргүүлөрдү эсепке алууну камсыз кылууга милдеттүү.
⠀
3. Өргүү жөнүндө каттын формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
⠀
4. Акы төлөнүүчү өргүүлөрдү берүүнүн кезектүүлүгү жыл сайын кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуудан кийин календардык жыл жаңырганга чейин 2 жумадан кечиктирбестен иш берүүчү тарабынан бекитилүүчү өргүүлөрдүн графигине ылайык аныкталат.
⠀
Өргүүлөрдүн графиги иш берүүчү үчүн да, кызматкер үчүн да милдеттүү болуп саналат.
⠀
5. Кызматкерге өргүүнүн башталган датасы жөнүндө ал башталганга чейин 2 жумадан кечиктирилбестен билдирилүүгө тийиш.
⠀
Кызматкерге өргүүнү төлөө ал башталганга чейин 3 жумуш күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлүүгө тийиш.
⠀
Статья 73. Оформление, учет и очередность предоставления ежегодного оплачиваемого отпуска
⠀
1. Отпуск оформляется приказом (распоряжением, постановлением) или запиской об отпуске, которые подписываются от имени работодателя.
⠀
2. Работодатель обязан обеспечить учет отпусков.
⠀
3. Форма записки об отпуске устанавливается Кабинетом Министров Кыргызской Республики.
⠀
4. Очередность предоставления оплачиваемых отпусков определяется ежегодно в соответствии с графиком отпусков, утверждаемым работодателем после согласования с представительным органом работников, не позднее чем за 2 недели до наступления календарного года.
⠀
График отпусков обязателен как для работодателя, так и для работника.
⠀
5. О дате начала отпуска работник должен быть извещен не позднее чем за 2 недели до его начала.
⠀
Оплата отпуска работнику должна быть произведена не позднее чем за 3 рабочих дня до его начала.