90-ЛЕТИЕ ТОЛУМУША ОКЕЕВА ОТМЕТИТСЯ
11 сентября 2025 года в Кыргызском национальном академическом театре оперы и балета имени А. Малдыбаева состоится вечер памяти, посвященный 90-летию великого режиссёра кыргызского кино, народного артиста СССР, народного артиста КР, Чрезвычайного и Полномочного Посла КР Толумуша Океева.
В рамках мероприятия будет показан короткометражный документальный фильм, подготовленный национальной киностудией «Кыргызфильм», а затем состоится концертная программа. В вечере примут участие семья Океева, его близкие, известные кыргызские кинематографисты.
Толумуш Океев (1935–2001) вошел в золотую сокровищницу культурного наследия такими произведениями, как «Бакайдын жайты», «Уркуя», «Кок серек», «Кызыл алма», «Алтын куз», «Кожожаш», открывшими кыргызское кино миру. В 2002 году его имя было присвоено Национальной киностудии «Кыргызфильм».
****
ТӨЛӨМҮШ ОКЕЕВДИН 90 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНЕТ
2025-жылдын 11-сентябрында, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында кыргыз киносунун залкар режиссеру, СССРдин Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Төлөмүш Океевдин 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөт.
Иш-чаранын алкагында «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы даярдаган кыска метраждуу даректүү тасма көрсөтүлүп, концерттик программа менен уланат. Кечеге Океевдин үй-бүлөсү, жакын санаалаштары жана кыргыздын белгилүү кинематографисттери катышат.
Төлөмүш Океев (1935–2001) кыргыз киносун дүйнөгө тааныткан «Бакайдын жайыты», «Уркуя», «Көк серек», «Кызыл алма», «Алтын күз», «Кожожаш» сыяктуу чыгармалары менен маданий мурастын алтын казынасына кирген. Анын ысмы 2002-жылы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясына ыйгарылган.