«Бейтааныш» (психологиялык драма)
Катуу ооруп жаткан эркектин палатасына Бейтааныш адам келет… Ал таң каларлыктай өтүнүч менен келет... Түрк драматургу Тунджер Джюдженоглунун пьесасынын негизинде жаратылган спектакль дал ушундай башталат. Спектаклде Өлүм менен Өмүрдүн, Сүйүү менен Кумарлыктын, Берилгендик менен Үмүтсүздүктүн бүтпөгөн улуу талашы тууралуу кеп козголот. Өлүм деген эмне? А балким бул Тирүүлөр үчүн кандайдыр бир жөнөкөй эле «Лакмус кагазы» болуп жүрбөсүн? Спектаклде театрдын ар кайсыл муунуна таандык белгилүү артисттер – Ж. Көчөрбаева, А. Кыйыкбаева, А. Болорбек уулу, Э. Тагаева, А. Карагулов, А. Качкынбаевдер катышат.
Спектакль – 1 саат 25 мүнөт жүрөт.
Спектаклге 16 жаштан жогоркулар киргизилет.
Катышуучулар:
Эркек – арт. А. Карагулов.
Аял – арт. А. Кыйыкбаева, арт. Э. Тагаева.
Эне – Ж. Көчөрбаева, КР эмгек сиңирген арт.
Бейтааныш – арт. А. Болорбек уулу, арт. А. Качкынбаев.
Телефондогу үн – арт. А. Качкынбаев, арт. А. Болорбек уулу
Спектаклди койгон режиссеру – Ш. Дыйканбаев.
Спектаклдин коючу-сүрөтчүсү – Ю. Нурматов, КР искусствосуна эмгек сиңирген ишмери
Автору –Тунджер Джюдженоглу
Которгон – Ж. Көчөрбаева
«Посетитель» (психологическая драма)
В палату к тяжелобольному мужчине приходит Посторонний человек… Приходит со странной просьбой… Именно так начинается спектакль турецкого драматурга Тунджер Джюдженоглу. В спектакле поднимаются темы Смерти и Жизни, Любви и Страсти, Преданности и Отчаяния. Что есть Смерть? А может это просто некая «Лакмусовая бумага» для нас, Живых? В спектакле заняты ведущие артисты театра разного поколения – Ж. Кочорбаева, А. Кыйыкбаева, А. Болорбек у., Э. Тагаева, А. Карагулов, А. Качкынбаев.
Жаш чектөө (возрастное ограничение) – 16
Кирүү билетинин баасы (стоимость входного билета): 500 сом
Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры
Кыргызстан, г. Бишкек, ул. Абдумомунов 230
Телефон аркылуу маалымат алуу (справки по тел): + 996 (312) 660 590, + 996 (707) 641 719
E-mail: ulut.teatr@bk.ru
Көрсөтүү башталгандан кийин залга кирүүгө тыюу салынат. Башка көрүүчүлөргө жана актерлорго кедергиле болбошу үчүн, көрсөтүү башталгандан кийин залга кирүү чектелиши мүмкүн. Эгерде кечигип келсе, көрүүчүгө тыныгуунун же кийинки акттын башталышына чейин күтүү сунушталат.
Запрещен вход в зал после начала спектакля. Для предотвращения помех другим зрителям и актерам вход в зрительный зал после начала представления может быть ограничен. В случае опоздания зрителю предложат подождать до перерыва или следующего акта.
Залга кирүү кызматкерлердин уруксаты менен гана болот. Эгерде иш-чара башталгандан кийин залга кирүүгө мүмкүнчүлүк болсо, ал тек гана атайын белгиленген кирүү жолдору аркылуу жана театр кызматкерлеринин уруксаты менен жүргүзүлөт.
Вход в зону зрительного зала только по разрешению персонала. Если вход в зал после начала мероприятия возможен, он осуществляется только через специально отведенные входы и с разрешения сотрудников театра.