Спектакль "Адам" | Бишкек 10.12.2025

Среда, 10 декабря 2025 с 18:30 UTC+06
Спектакль "Адам" | Бишкек 10.12.2025
Цена: 500 сом
Оффлайн: г. Бишкек, ул. Абдумомунова, 230
Кыргызский национальный академический драматический театр имени Т. Абдумомунова
15

Ж. Садыковдун калемине таандык “Адам жана Азезил” драмасынын негизинде сахналаштырылган “Адам” спектакли алмустактан бери айтылып келе жаткан Адам ата менен Обо эненин бейиштей жер бетин мекендеген бейпил турмушун, аларды ак жолунан адаштырып, өмүр булагын өлчөмдүү кылып, күнөөкөр пендеге айланткан Азезилдин акылга сыйбаган азгырыктарын баяндандайт. Ошондой эле алардын тун уулу Кабыл менен экинчи уулу Абылдын бир тууган арасындагы тиреши, Кабылдын инсандын башы менен кошо жата турган көрө албастыгынан, сабыр сактай албаган кызуу кандуулугунан улам бир туугандыктан кечип кеткен пендечилиги аркылуу  ак менен каранынын, жаман менен жакшынын улуу талашы баяндалып, “Адам деген ким, анын жетээр чеги эмне?” деген суроо салат.

Коюучу топ:

Режиссёр-коюучу – Адыл Болорбек уулу

Сүрөтчү коюучу – Руслан Жунусалиев

Костюм боюнча сүрөтчү – Мариям Аблакова

Балетмейстр – Бегайым Райымбекова

Режиссёрдун ассистенти – Данияр Жанжигитов, Токтогул атындагы  мамл. сыйл. лауреаты

Режиссёрдун жардамчысы  - Эльвира Жумалиева

 

Катышуучулар жана ролдорду аткаруучулар:

Адам ата – арт. Аскар Качкынбаев, арт. Бактияр Шаршенбаев

Обо эне – Айсалкын Кыйыкбаева, КР эмгек сиң. арт. Альбина Имашова, КР эмгек сиң. арт.

Кабыл арт. Соорон Тургунмамат уулу, арт. Аман Шерикул уулу

Абыл –  арт. Баястан Бейшенбаев, арт. Умар Мудунов

Абылдын аялы –  арт. Арайлым Кеңешбекова

Кабылдын аялы –  арт. Анара Таалайбек кызы

Азезил арт. Жанара Борисова, арт. Гүлнара Сатарова

Жебреил Анара Сыдыгалиева, КР эл арт. Токтогул атындагы  мамл. сыйл. Лауреаты. Анара Назаркулова, КР эл арт.

  1. Жебреил Сайрабүбү Мырзалиева,  КР эл арт.
  2. Жебреил Жамиля Сыдыкбаева, КР эл арт.
  3. Жебреил Шайгүл Алсеитова, КР эл арт.
  4. Жебреил Жумагүл Жумалиева, КР эл арт.
  5. Жебреил Айсалкын Осмонова, КР эмгек сиң. арт.

Көпчүлүк сахнада:

арт. Айсанат Эдигеева, арт.  Гүлнара Сатарова, арт. Махабат Асанбекова, арт. Арген Карагулов, арт. Соорон Тургунмамат уулу, арт. Умар Мудунов, арт. Аман Шерикул уулу, арт. Баястан Бейшенбаев

Купить билет

Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!