ПЕРСОНАЛЬНАЯ ВЫСТАВКА ИЛЬГИЗА ЭДИЛЬСОНА
»АНАТОМИЯ ЧЕЛОВЕЧЕСКИХ ЭМОЦИЙ"
Открытие выставки:16 января 2026 г., 14: 00
Срок действия: с 16 января по 1 февраля 2026 года
Место проведения: ул. Абдрахманова, 196, 2 этаж
Выставка исследует структуру человеческого эмоционального опыта через цвет, форму и пространственную композицию. Четыре красочных круга и десятки эмоциональных состояний — от радости и уверенности до страха, беспокойства и решимости — объединяются в целый маршрут внутренних эмоций.
Выставка построена как лабиринт чувств, где каждый поворот открывает новую грань человеческого опыта: от пристыдившего глаза восхищения до таинственной тишины одиночества.
Картины и статуи создают архитектуру чувств, в которой каждый элемент становится частью единой эмоциональной системы. Это путешествие к чувствам и эмоциям и возвращение к тому, чтобы быть самим собой по-настоящему.
Ильгиз Эдильсон-современный художник, живущий и работающий в Бишкеке (Кыргызстан). Более десяти лет он стоял на стыке искусства, психологии и науки о мозге, последовательно изучая эмоциональный интеллект, природу человеческих эмоций и поведенческие модели. Его художественная практика опирается на данные нейробиологии, поведенческой психологии и психосемантики.
Используя абстрактный визуальный язык, художник стремится передать деликатные состояния, которые трудно выразить словами — напряжение, уязвимость, уверенность, страх и импульс к действию.
Художник Ильгиз Эдилсон: +996 774 13 13 13
______
ИЛЬГИЗ ЭДИЛСОНДУН ЖЕКЕ КӨРГӨЗМӨСҮ
«АДАМ ЭМОЦИЯЛАРЫНЫН АНАТОМИЯСЫ»
Көргөзмөнүн ачылышы: 2026-жылдын 16-январы, саат 14:00
Иш алып баруу мөөнөтү: 2026-жылдын 16-январынан – 1-февралына чейин
Өткөрүлүүчү жер: Абдрахманов көчөсү 196, 2-кабат
Көргөзмө адамдын эмоционалдык тажрыйбасынын түзүлүшүн түс, форма жана мейкиндик композициясы аркылуу изилдейт. Төрт түстүү чөйрө жана ондогон эмоционалдык абалдар — кубаныч менен ишенимден баштап, коркуу, тынчсыздануу жана чечкиндүүлүккө чейин — ички сезимдердин бүтүн маршрутуна биригет.
Көргөзмө сезимдердин лабиринти катары курулган, анда ар бир бурулуш адамдык тажрыйбанын жаңы кырын ачат: көз уялткан суктануудан тартып, жалгыздыктын сырдуу жымжырттыгына чейин.
Сүрөттөр менен айкелдер сезимдердин архитектурасын түзүп, ар бир элемент бирдиктүү эмоционалдык системанын бөлүгүнө айланат. Бул — сезимдер менен эмоцияларга болгон саякат жана өзүңдүн чыныгы болушуңа кайтып келүү.
Ильгиз Эдилсон — Бишкекте (Кыргызстан) жашап жана иштеген заманбап сүрөтчү. Он жылдан ашык убакыттан бери ал искусство, психология жана мээ тууралуу илимдин кесилишинде туруп, эмоционалдык интеллектти, адамдын эмоцияларынын табиятын жана жүрүм-турум моделдерин ырааттуу түрдө изилдеп келет. Анын көркөм практикасы нейроилимдин, жүрүм-турум психологиясынын жана психосемантиканын маалыматтарына таянат.
Абстракттуу визуалдык тилди колдонуу менен сүрөтчү сөз менен айтып берүү кыйын болгон назик абалдарды — чыңалууну, аялуулукту, ишенимди, коркууну жана аракетке болгон импульсту берүүгө умтулат.
Художник Ильгиз Эдилсон: +996 774 13 13 13