Лекция: Фламандское и голландское искусство | Бишкек 07.02.2026

Суббота, 07 февраля 2026 с 12:00 UTC+06
Лекция: Фламандское и голландское искусство | Бишкек 07.02.2026
1 из 3
Цена: 40 сом
Оффлайн: Регистрация по ссылке
Национальный Музей Изобразительных Искусств им. Гапара Айтиева
255
2026-жылдын 7-февралында саат 12:00дө Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «Дүйнөлүк көркөм өнөр тарыхы» курсу алкагында кезектеги лекция өтөт. Лекция XVII кылымдагы Нидерланд революциясынын натыйжасында Голландия жана Фландрия болуп бөлүнгөн аймактардын көркөм өнөрүнө арналат.

Лекцияда Иероним Босх, Питер Брейгель-улуунун, Ян ван Эйк, Ян Вермеер жана башка улуу сүрөтчүлөрдүн чыгармалары, ошондой эле «кичине голланддар» деп аталган сүрөтчүлөрдүн натюрморттору тааныштырылат.

Иш-чараны КУКСИМдин жетектөөчү илимий кызматкери, искусствовед, арт-менеджер жана куратор Акжибек Бейшебаева өткөрөт. Лекциянын узактыгы 1–1,5 саатты түзөт.

Лекцияга кирүү музей билеттери аркылуу жүргүзүлөт. Билеттин баасы: чоңдор үчүн – 300 сом, студенттер үчүн – 80 сом (студенттик билетти көрсөтүү менен), окуучулар үчүн – 40 сом. Лекциянын билети менен ошол күнү музейдеги көргөзмөлөрдү да көрүүгө болот.

Дареги: Бишкек шаары, Ж. Абдрахманов көчөсү, 196, Г. Айтиев атындагы КУКСИМ, 1-кабат, кинозал.
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!