Реалити шоу "Жаңы жол" | Спортивный проект для представителей государственной службы

Воскресенье, 15 февраля 2026 с 23:59 UTC+06
Реалити шоу "Жаңы жол" | Спортивный проект для представителей государственной службы
1 из 10
Бесплатно
Федерация триатлона КР
84
1. Жалпы жоболор
1.1 Долбоордун аталышы:
“Жаңы жол” реалити-шоусу
1.2 Долбоордун иштеп жаткан урааны:
“Кабинеттен - жеңишке чейин” (ураан долбоордун концепциясына өзгөртүү киргизбестен, Уюштуруучулар тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн)
1.3 Долбоордун уюштуруучулары:
- Кыргыз Республикасынын МинистрлерКабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
- Кыргыз Республикасынын Триатлон федерациясы
 
2. Долбоордун максаты жана концепциясы
 
“Жаңы жол” реалити-шоусу - бул төмөнкү багыттарга арналган социалдык-спорттук долбоор:
- массалык спортту жана сергек жашоо образынжайылтуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, ошондой эле бюджеттик уюмдардын кызматкерлерин системалуу түрдө спорт менен машыгууга тартуу;
- кызматтык же кеңсе турмушунан спорттук жетишкендиктерге чейинки катышуучулардын жеке трансформациясын көрсөтүү.
- Долбоор катышуучулардын машыгууларды баштаган учурунан тартып, сезондун негизги триатлон мелдешине катышканга чейинки жолун чагылдырат.
3. Долбоордун катышуучулары
 
3.1. Катышуучулардын саны
- Долбоорго 10 катышуучу тандалып алынат.
- Катышуучу бир мамлекеттик, муниципалдык же бюджеттик мекеменин өкүлү болушу зарыл.
3.2. Катышуучуларга коюлган талаптар
Долбоорго төмөнкү талаптардын бардыгына жооп берген адамдар катыша алышат:
1. Катышуучунун жашы - арыз берилген учурда 28 жаштан 38 жашка чейин.
2.Төмөнкү мекемелердин кызматкери болууга тийиш:
• мамлекеттик органдар;
• муниципалдык кызматтар;
• бюджеттик уюмдар.
3. Мамлекеттик кызматтагы иш тажрыйбасы -кеминде 5 жыл, иш ордунан берилген маалымкатменен тастыкталууга тийиш.
4. Кыргыз тилин эркин сүйлөө.
5. Профессионалдык спорттук тажрыйбасы жок
(анын ичинде триатлон жана ага жакын циклдик спорт түрлөрү боюнча).
6. Милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүгө даяр жана
циклдик спорт түрлөрү менен машыгууга каршы көрсөтмөлөр жок экендигин тастыктаган медициналык маалымкатты берүүгө.
7. Фото - жана видео тартууга катышууга даяр, анын ичинде:
• машыгууларда;
• мелдештерде;
• долбоордун бардык учурунда.
8. Жумасына кеминде 3 жолу машыгууга даяр болуу, ар бир машыгуу 2 сааттан кем эмес(минималдуу талап).

4. Даярдык мезгили жана шарттары

• Даярдык мөөнөтү - 6,5 ай.
Катышуучулар төмөнкүлөр менен камсыздалат:
• машыгуу базасы;
• машыктыруучулар курамы;
• төмөнкү дисциплиналар боюнча этап-этабыменен түзүлгөн даярдык программасы:
• сууда сүзүү;
• веложүрүш;
• чуркоо;
• машыгуу жана мелдештер үчүн велосипеддер.
• Даярдык процесси Кыргыз РеспубликасынынТриатлон федерациясы тарабынан тартылганмашыктыруучулардын жетекчилиги алдындажүргүзүлөт.
5. Долбоордун финалдык старты

Долбоордун акыркы баскычы - тандалыпалынган катышуучулардын төмөнкү мелдешкекатышуусу болуп саналат:
13-сентябрда өтө турган Триатлон боюнчаышкыбоздор арасындагы Азия Кубогу.
6. Долбоордун медиа коштоосу

• Долбоордун жүрүшүндө катышуучулар медиа-команданын коштоосунда болот.
Төмөнкү процесстер видеофиксацияланат:
• машыгуу процесси;
• мелдештер;
• катышуучулардын жеке тарыхтары жанажетишкендиктери.
Тартылган материалдардын негизинде реалити-шоунун сериялары даярдалып, долбоордунэпизоддору катары жарыяланат.
Катышуучулар өздөрүнүн катышуусу менентартылган фото - жана видеоматериалдардыпайдаланууга макул экендиктерин тастыкташат.

7. Арыздарды кабыл алуу тартиби

Долбоорго катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү милдеттерди аткарууга тийиш:
1. Google-форма аркылуу арыз толтуруу
(шилтеме Уюштуруучулар тарабынан жарыяланат).
2. Узактыгы 1-2 мүнөт болгон видео тиркөө, андаталапкер:
• өзү тууралуу кыскача маалымат берет;
• долбоорго катышуудагы мотивациясынтүшүндүрөт.
3. Бардык талап кылынган документтерди жанамаалымкаттарды белгиленген мөөнөттөтапшыруу.
Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү: 2-февралдан тартып 15-февралга чейин.

8. Катышуучуларды тандоо

Катышуучуларды тандоо биргелешкен комиссия тарабынан жүргүзүлөт:
• Кыргыз Республикасынын МинистрлерКабинетине караштуу
Дене тарбия жана спорт мамлекеттикагенттиги.
• Кыргыз Республикасынын Триатлон федерациясы;
Уюштуруучулар:
• талапкерлердин белгиленген критерийлергешайкештигин өз алдынча аныктоого;
• медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн көбүрөөксандагы талапкерлерди тандоого укуктуу.
Медициналык кароонун жыйынтыгындаталапкерлердин айрымдары тандоодончыгарылышы мүмкүн.
Тандоо комиссиясынын чечимдери акыркыболуп саналат жана кайра кароого жатпайт.
Катышуучуларды тандоо: 16-18-февраль;�Долбоордун башталышы: 1-март.

9. Жоопкерчилик жана коопсуздук

• Долбоорго катышуу медициналык каршы көрсөтмөлөр жок болгон учурда гана мүмкүн.
• Катышуучулар берилген маалыматтардын жанадокументтердин тактыгына жеке жоопкерчиликтартат.
• Уюштуруучулар регламенттин талаптарынажооп бербеген учурда катышуудан баш тартууга укуктуу.
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!