БУУӨП бейөкмөт уюмдардын (БӨУ) арасында конкурс жарыялайт
БУУӨП БУУнун Тынчтык куруу фондусу тарабынан каржыланган долбоордун алкагында өткөрүлүп жаткан конкурсқа катышуу үчүн бейөкмөт уюмдарды арыз берүүгө чакырат.
📍 Долбоордун максаттуу жамааттары:
Жалал-Абад облусу
▪️ Акман АА, Бай-Мундуз айылы (Базар-Коргон району)
▪️ Багыш АА, Кеде-Арык айылы, Октябрь айылы (Сузак району)
▪️ Масы Д. Садырбаев АА, Кызыл-Туу айылы (Ноокен району)
▪️ Достук АА, Кудук айылы (Ноокен району)
Ош облусу
▪️ Жоош АА, Маданият айылы (Кара-Суу району)
▪️ Толос АА, Кенеш айылы (Ноокат району)
▪️ Көк-Жар АА, Алашан айылы (Ноокат району)
Баткен облусу
▪️ Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, Жин-Жигения айылы
▪️ Майдан АА, Майдан айылы (Кадамжай району)
▪️ Орозбеков АА, Кудук айылы (Кадамжай району)
🎯 Чакан гранттардын максаты
Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын алсыз жамааттарында суу ресурстарына жетүү, бөлүштүрүү жана башкаруу маселелерине байланыштуу чыр-чатактардын алдын алууга багытталган практикалык демилгелерди колдоо аркылуу туруктуу тынчтыкты, социалдык ынтымакты жана климаттык жана табигый тобокелдиктерге туруктуулукту чыңдоо.
✅ Артыкчылыктуу багыт:
Суу ресурстарын жана ирригацияны башкаруу — талаш-тартыштардын алдын алуу жана кызматташтыкты бекемдөөнүн куралы катары.
🗓 Арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү: 2026-жылдын 15-февралы