Российский театр драмы представит спектакль «Куклы» в честь юбилея Дмитрия Балбекина
13 марта 2026 года Киргизский государственный академический театр драмы имени Ч. Айтматова отметит юбилей Дмитрия Балбекина, заслуженного работника культуры Кыргызской Республики, мастера сцены. Его имя давно стало символом честности и таланта на сцене российского театра.
По случаю юбилея театр представит спектакль «Куклы». В этом спектакле Дмитрий Балбекин исполнит главную роль и преподнесет особый творческий подарок любителям театра.
Дмитрий Балбекин родился 12 марта 1976 года. Окончил Свердловский театральный институт. Его творческий путь в театре начался в 1997 году, и с тех пор он подарил зрителям множество ярких и запоминающихся ролей. Сегодня его талант можно увидеть в спектаклях «Сказка о царе Салтане», «Любовь и голуби», «Мастер и Маргарита», «Куклы», «Пятнистая собака, бегущая по берегу», «Пиковая дама», «Мамуля», «Айтматов» и других.
Начало спектакля в 18:00.
Русский драматический театр им. Ч. Айтматова приглашает всех поклонников театрального искусства на этот особенный вечер и поздравляет любимого артиста с юбилеем.
_______________________________________
ДМИТРИЙ БАЛБЕКИНДИН ЮБИЛЕЙИНЕ КАРАТА ОРУС ДРАМ ТЕАТРЫ «КУУРЧАКТАР» СПЕКТАКЛИН ТАРТУУЛАЙТ
2026-жылдын 13-мартында Ч. Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык орус драма театры Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сахна чебери Дмитрий Балбекиндин юбилейин белгилейт. Анын ысымы көптөн бери орус театрынын сахнасындагы чынчылдык менен талантынын символу болуп келет.
Юбилейлик датага карата театрдын сахнасында «Куурчактар» спектакли көрсөтүлөт. Бул спектаклде Дмитрий Балбекин башкы ролду аткарып, театр сүйүүчүлөрүнө өзгөчө чыгармачылык белек тартуулайт.
Дмитрий Балбекин 1976-жылдын 12-мартында туулган. Свердловск театр институтун аяктаган. Анын театрдагы чыгармачылык жолу 1997-жылы башталып, ошондон бери ал көрүүчүлөргө көптөгөн жаркын жана эсте каларлык ролдорду тартуулап келет. Бүгүнкү күндө анын талантын «Салтан падыша жөнүндө жомок», «Сүйүү жана көгүчкөндөр», «Мастер жана Маргарита», «Куурчактар», «Деңиз жээги менен чуркап бараткан ала ит», «Күрөк ханыша», «Мамуля», «Айтматов» жана башка спектаклдерден көрүүгө болот.
Спектакль саат 18:00дө башталат.
Ч. Айтматов атындагы орус драма театры театр искусствосунун бардык күйөрмандарын бул өзгөчө кечеге чакырып, сүйүктүү артистти юбилейи менен бирге куттуктоого чакырат.