Лекция: Искусство США | Лектор: Акжибек Бейшебаева

Суббота, 28 Марта 2026 с 12:00 UTC+06
Лекция: Искусство США | Лектор: Акжибек Бейшебаева
1 из 2
Цена: 300 сом
Оффлайн: г. Бишкек, ул. Абдрахманова, 196
Национальный Музей Изобразительных Искусств им. Гапара Айтиева
171
Бардык каалоочулар 2026-жылдын 28-мартында саат 12:00дө өтө турган АКШ искусствосу тууралуу лекцияга чакырылат.

Лекциянын жүрүшүндө XX кылымда АКШ искусствосунун өнүгүшүнө олуттуу таасир тийгизген негизги америкалык сүрөтчүлөр жана архитекторлор тууралуу маалымат берилет. Ошондой эле АКШда пайда болуп, дүйнөлүк искусствонун өнүгүшүнө таасир эткен маанилүү көркөм багыттар талкууланат.

Лектор, искусствовед жана куратор Акжибек Бейшебаева (@akjibek) төмөнкү сүрөтчүлөр тууралуу баяндама жасайт: Джексон Поллок, Жан-Мишель Баския, Энди Уорхол, Эдвард Хоппер жана башкалар.

Мындан тышкары, катышуучулар америкалык архитектуранын символу болуп эсептелген архитекторлордун эмгектери менен тааныша алышат. Алардын катарында Френк Ллойд Райт жана Людвиг Мис ван дер Роэ бар.

Лекция дүйнөлүк көркөм сүрөт искусствосунун жалпы тарыхы боюнча курсунун алкагында өткөрүлөт.

Лектор:
Акжибек Бейшебаева — КУКСИМдин жетектөөчү илимий кызматкери, искусствовед, арт-менеджер, куратор (@akjibek)

Өткөрүлүү күнү: 2026-жылдын 28-марты
Убактысы: 12:00
Узактыгы: 1–1,5 саат

Кирүү музей билеттери аркылуу:
— чоңдор үчүн — 300 сом
— студенттер үчүн — 80 сом (студенттик билет менен)
— окуучулар үчүн — 40 сом

Лекциянын билети менен ошол күнү музейдеги көргөзмөлөрдү көрүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Дарек: Бишкек шаары, Ж. Абдрахманов көчөсү, 196
Г. Айтиев атындагы КУКСИМ, 1-кабат, кинозал
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!