УЛУТТУК ӨНӨРДҮ ҮЙРӨНҮҮГӨ МҮМКҮНЧҮЛҮК — «БЕЛДЕМЧИ» КУРСУ
Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин колдоосу менен Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде «Белдемчи» (уландысы) курсу өткөрүлөт.
Курсту тажрыйбалуу эксперт, дизайнер, Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Турар Турганалы алып барат.
Бул курс улуттук кол өнөрчүлүктү үйрөнүүгө, чыгармачылыкты өнүктүрүүгө жана жаңы тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк берет.
Өткөрүлө турган күнү: 2026-жылдын 28-марты (ишемби)
Убактысы: 11:00
Баасы: 300 сом (билет музейдин кассасынан сатылат)
Материалдар:
Катышуучулар өздөрү менен баркыт же вельвет кездемелерин (өлчөмү 1 м × 1,5 м), ошондой эле керектүү шаймандарды (мулине жиптери, ийне, кайчы) алып келүүлөрү зарыл.
Орундар чектелүү. Алдын ала катталуу талап кылынат (директ аркылуу).
Маалымат алуу үчүн: +996 705 662 686
Дарек: Ж. Абдрахманов көчөсү, 196, Г.Айтиев атындагы КУКСИМ