МОЛОДЕЖНЫЙ ЦИФРОВОЙ ФОРУМ ШАНХАЙСКОЙ ОРГАНИЗАЦИИ СОТРУДНИЧЕСТВА
ФОРУМ, КОТОРОГО ВЫ ЖДАЛИ, ТЕПЕРЬ В БИШКЕКЕ!
4-5 июня 2026 года в Бишкеке состоится Молодежный цифровой форум Шанхайской организации сотрудничества (ШОС).
ОБЩАЯ ИНФОРМАЦИЯ
Инициатива проведения этого масштабного форума была выдвинута Президентом Кыргызской Республики Садыром Нургожовичем Жапаровым. Глава государства на 25-м заседании Совета глав государств-членов ШОС, состоявшемся в Тяньцзине 1 сентября 2025 года, определил цифровизацию как одно из приоритетных направлений сотрудничества в рамках ШОС.
ЦЕЛЬ ФОРУМА
Объединить на одной платформе молодых лидеров, IT-специалистов и новаторов государств-членов ШОС, обменяться опытом и реализовать совместные цифровые проекты на региональном уровне.
ЧТО ВХОДИТ В ПРОГРАММУ?
Программа форума разделена на следующие основные направления:
- Искусственный интеллект (ИИ): дискуссии с международными экспертами по технологиям ИИ и цифровой экономике, панельные дискуссии;
- Ярмарка инноваций: выставка лучших ИТ-проектов молодых стартапов и изобретателей;
- Культурный обмен: специальные программы для укрепления дружбы и сотрудничества между странами ШОС.
ДЛЯ КОГО?
Прекрасная возможность для молодых ИТ-лидеров, программистов, молодых ученых в цифровой сфере и молодых предпринимателей в возрасте от 18 до 35 лет, которые связывают свое будущее с цифровыми технологиями!
ОРГАНИЗАТОРЫ
Мероприятие проводится Министерством культуры, информации и молодежной политики Кыргызской Республики при поддержке Кабинета Министров Кыргызской Республики.
Давайте вместе откроем для себя новые возможности цифровой эпохи!
______________________________________
ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН
ЖАШТАР САНАРИП ФОРУМУ
СЕН КҮТКӨН ФОРУМ ЭМИ БИШКЕКТЕ!
2026-жылдын 4–5-июнунда Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Жаштар санарип форуму өтөт.
ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ
Бул масштабдуу форумду өткөрүү демилгесин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров көтөргөн. Мамлекет башчысы 2025-жылдын 1-сентябрында Тяньцзинь шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 25-жыйынында санариптештирүүнү ШКУнун алкагындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары белгилеген.
ФОРУМДУН МАКСАТЫ
ШКУга мүчө мамлекеттердин жаш лидерлерин, IT эксперттерин жана инноваторлорун бир аянтчага бириктирүү, тажрыйба алмашуу жана аймактык деңгээлдеги биргелешкен санариптик долбоорлорду ишке ашыруу.
ПРОГРАММАДА ЭМНЕЛЕР БОЛОТ?
Форумдун программасы төмөнкү негизги багыттарга бөлүнгөн:
- Жасалма интеллект (AI): AI технологиялары жана санариптик экономика боюнча эл аралык деңгээлдеги эксперттер менен талкуулар, панелдик сессиялар;
- Инновациялык жарманке: Жаш стартапчылардын жана ойлоп табуучулардын эң мыкты IT долбоорлорунун көргөзмөсү;
- Маданий пикир алмашуу: ШКУ өлкөлөрүнүн достугун жана кызматташтыгын бекемдөөчү атайын программалар.
КИМДЕР ҮЧҮН?
Келечегин санариптик технология менен байланыштырган 18 жаштан 35 жашка чейинки жаш IT-лидерлер, программисттер, санарип жаатындагы жаш окумуштуулар жана жаш ишкерлер үчүн чоң мүмкүнчүлүк!
УЮШТУРУУЧУЛАР
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан өткөрүлүүдө.
Санариптик доордун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн бирге ачалы!