Неделя молодежи в Бишкеке

Вторник, 12 Мая 2026
Неделя молодежи в Бишкеке
1 из 2
Бесплатно
Мэрия города Бишкек
30
В Бишкеке пройдет Неделя молодежи

С 12 по 15 мая в Бишкеке пройдет Неделя молодежи. Эта инициатива является важной платформой, направленной на развитие потенциала молодого поколения, повышение его гражданской активности и укрепление его роли в обществе.

Мероприятие организовано Консультативным советом Департамента физического воспитания и спорта, туризма и работы с молодежью мэрии Бишкека и считается одним из важных шагов в реализации молодежной политики.

В рамках Недели молодежи соберутся 100 активных участников, отобранных из высших и средних профессиональных училищ столицы. Эти молодые люди представляют все сферы общества, проявляют инициативу и стремятся к развитию, интересуются образованием, культурой и национальными ценностями.

Главная цель мероприятия – всесторонняя поддержка молодежи, повышение ее интереса к истории, языку, культуре и спорту, а также развитие современного мышления. В течение недели для молодежи будут организованы мотивационные встречи, образовательные мероприятия и культурные инициативы, создающие условия для их личностного развития и формирования лидерских качеств.

Неделя молодежи – это не просто мероприятие, это важная платформа для генерации новых идей, обмена опытом и создания перспективных инициатив. Благодаря таким инициативам повышается активное участие молодежи в общественной жизни и направляется ее потенциал на развитие страны.

Неделя молодежи в Бишкеке – это инвестиции в будущее поколение, вера в молодежь и дверь к новым возможностям.

Для участия в Неделе молодежи необходимо предварительно зарегистрироваться. Участники отбираются по анкете (профилю), и выбираются наиболее активные и высокомотивированные кандидаты.

_________________________________________

Бишкек шаарында жаштар жумалыгы өтөт

Бишкек шаарында 12-майдан 15-майга чейин жаштар жумалыгы өткөрүлөт. Бул демилге жаш муундун потенциалын өнүктүрүүгө, алардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга жана коомдогу ролун бекемдөөгө багытталган маанилүү аянтча болуп саналат.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин Консультативдик кеңеши тарабынан уюштурулуп, жаштар саясатын ишке ашыруудагы маанилүү кадамдардын бири катары каралууда.

Жаштар жумалыгынын алкагында борбор калаадагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынан тандалып алынган 100 активдүү катышуучу бириктирилет. Бул жаштар — коомдун ар тармагында демилге көтөрүп, өнүгүүгө умтулган, билимге, маданиятка жана улуттук баалуулуктарга кызыккан өкүлдөр.

Иш-чаранын негизги максаты — жаштарды ар тараптуу колдоо, алардын тарыхка, тилге, маданиятка жана спортко болгон кызыгуусун арттыруу менен бирге, заманбап ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү. Жумалык учурунда жаштар үчүн мотивациялык жолугушуулар, агартуучу иш-чаралар жана маданий демилгелер уюштурулуп, алардын жеке өнүгүүсүнө жана лидерлик сапаттарынын калыптанышына шарт түзүлөт.

Жаштар жумалыгы — бул бир гана иш-чара эмес, бул жаңы идеялар жаралган, тажрыйба алмашкан жана келечекке багытталган демилгелер түптөлгөн маанилүү платформа. Мындай демилгелер аркылуу жаштардын коомдук турмушка активдүү катышуусу артат жана алардын потенциалы өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталат.

Бишкек шаарында өтө турган жаштар жумалыгы — келечек муунга инвестиция, жаштарга ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги.

Жаштар жумалыгына катышуу үчүн каалоочулар алдын ала каттоодон өтүүсү зарыл. Катышуучуларды тандоо анкета (профиль) аркылуу жүргүзүлүп, эң активдүү жана мотивациясы жогору талапкерлер иргелип алынат.
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!