В рамках молодежного форума «Мой Кыргызстан: Баткен 2026» состоится интеллектуальная игра «Акылман ордо» среди школьников
📍 Баткенская область | город Кадамжай
📅 22 мая 2026 года
🕑 Время: 14:00
С целью развития интеллектуального потенциала молодежи, укрепления логического мышления и повышения интереса к знаниям среди школьников пройдет масштабная интеллектуальная игра «Акылман ордо».
Это не просто соревнование — это большая площадка знаний, быстрого мышления, находчивости и командного единства. В интеллектуальном состязании примут участие 15 команд.
Участники будут отвечать на логические вопросы, демонстрировать навыки быстрого принятия решений, аналитического мышления и командной работы. Каждый этап станет для школьников новым опытом, новыми возможностями и шагом к новым достижениям.
«Акылман ордо» — это праздник для молодежи, стремящейся к знаниям. Здесь важна не только победа, но и развитие, стремление к успеху и уверенность в будущем.
🤝 Главный партнер: Общественный фонд «Евразия Кей Джи»
_______________________________________
“Кыялымдагы Кыргызстан: Баткен 2026” жаштар форумунун алкагында окуучулар арасында “Акылман ордо” интеллектуалдык оюну өткөрүлөт
📍 Баткен облусу | Кадамжай шаары
📅 22-май, 2026-жыл
🕑 Саат: 14:00
Жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү, логикалык ой жүгүртүүсүн күчөтүү жана билимге болгон кызыгуусун арттыруу максатында мектеп окуучулары арасында ири масштабдагы “Акылман ордо” интеллектуалдык оюну өткөрүлөт.
Бул оюн — жөн гана таймаш эмес. Бул — билимдин күчүн, ылдам ой жүгүртүүнү, тапкычтыкты жана командалык биримдикти даңазалаган чоң аянтча. Интеллектуалдык таймашта жалпы 15 команда күч сынашат.
Окуучулар логикалык суроолорго жооп берип, ыкчам чечим кабыл алуу, анализ жүргүзүү жана команда менен иштөө жөндөмдөрүн көрсөтүшөт. Ар бир этап катышуучулар үчүн жаңы тажрыйба, жаңы мүмкүнчүлүк жана жаңы жеңиштерге жол ачат.
“Акылман ордо” — бул билимге умтулган жаштардын майрамы. Бул жерде эң башкысы — жеңиш гана эмес, өнүгүү, аракет жана келечекке болгон ишеним.
🤝 Башкы өнөктөш: Евразия Кей Джи коомдук фонду