Фильм Кыял. Бесплатный просмотр | Бишкек 10 июня 2026

Среда, 10 июня 2026 с 17:30 UTC+06
Фильм Кыял. Бесплатный просмотр | Бишкек 10 июня 2026
Бесплатно
12
Аялы каза болгондон кийин Болот бир кезде рак илдетин жеңип чыккан кызы Кыялды жалгыз тарбиялап келет. Бирок оору кайра кайтып келип, убакыт аз калганын дарыгерлер айтышат.

Кызынын жашыруун тилектери жазылган күндөлүк тууралуу билген соң, Болот Кыялды ооруканада калтырбай, анын ар бир кыялын орундатууну чечет. Алардын сапарына Кыялдын эң жакын досу Жоки -аутизм спектриндеги өзгөчөлүгү бар жаш жигит - да кошулат, ал өзүнүн өзгөчө дүйнө таанымы менен алардын кайгысын жеңилдетип, ар бир күндүн баалуулугун кайрадан сезүүгө жардам берет.

Бул сапар сүйүү, кабыл алуу жана эң оор учурларда бири-бирин колдоонун күчү тууралуу жүрөккө жеткен таасирдүү окуяга айланат.

BROADWAY КИНОТЕАТРЫ
ДАРЕГИ: АЗИЯ МОЛЛ, 3-КАБАТ
Ч. АЙТМАТОВ ПРОСПЕКТИСИ, 3

17:30 AVA ЗАЛ     10 ИЮНЬ   
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!