Состоится конкурс «Технофест: Молодые изобретатели»
В рамках молодежного форума «Мечта о Кыргызстане: Нарын – 2026» пройдет региональный конкурс «Технофест: Молодые изобретатели» среди школьников и молодежи.
Конкурс будет организован в два этапа во всех районах Нарынской области и городе Нарын. На первом этапе в каждом районе и городе состоится отборочный тур, в ходе которого будут определены лучшие проекты. По результатам отбора один победитель из каждого района и города пройдет в финал.
Финал состоится в рамках молодежного форума «Мечта о Кыргызстане: Нарын – 2026», где участники представят свои инновационные идеи, технические проекты и изобретательские навыки жюри и участникам форума.
Главная цель конкурса — повысить интерес молодежи к науке, технологиям и новаторскому мышлению, выявить креативных и талантливых молодых изобретателей, поддержать их новые идеи и внести вклад в развитие будущих ученых, инженеров и технологических лидеров.
Победители и лучшие участники финала будут награждены ценными подарками, дипломами и специальными наградами.
____________________________________
«ТЕХНОФЕСТ: ЖАШ ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАР» СЫНАГЫ ӨТКӨРҮЛӨТ
«Кыялымдагы Кыргызстан: Нарын – 2026» жаштар форумунун алкагында мектеп окуучулары жана жаштар арасында «Технофест: Жаш ойлоп табуучулар» аталышындагы облустук сынак өткөрүлөт.
Сынак Нарын облусунун бардык райондору жана Нарын шаары боюнча эки этапта уюштурулат. Биринчи этапта ар бир район жана шаарда тандоо туру өткөрүлүп, эң мыкты долбоорлор аныкталат. Тандоонун жыйынтыгында ар бир райондон жана Нарын шаарынан бирден жеңүүчү финалдык баскычка жолдомо алат.
Финалдык этап «Кыялымдагы Кыргызстан: Нарын – 2026» жаштар форумунун алкагында өткөрүлүп, анда катышуучулар өздөрүнүн инновациялык идеяларын, техникалык долбоорлорун жана ойлоп табуучулук жөндөмдөрүн калыстар тобуна жана форумдун катышуучуларына тааныштырышат.
Сынактын негизги максаты – жаштардын илимге, техникага жана инновациялык ой жүгүртүүгө болгон кызыгуусун арттыруу, чыгармачыл жана таланттуу жаш ойлоп табуучуларды аныктоо, алардын жаңы идеяларын колдоо жана келечектеги илимпоздордун, инженерлердин жана технологиялык лидерлердин өсүп чыгышына өбөлгө түзүү.
Финалдын жеңүүчүлөрү жана мыкты катышуучулары баалуу белектер, дипломдор жана атайын сыйлыктар менен сыйланышат.