Набор в проект Энелер-Мария

Суббота, 15 Марта 2025 с 23:59 UTC+06
Набор в проект Энелер-Мария
1 из 4
Бесплатно
Оффлайн: Каттоо шилтеме аркылуу
ProKG Клуб Профессионалов
990
🎉 «ЭНЕЛЕР-МАРИЯ» ДОЛБООРУНУН ЖАҢЫ АГЫМЫНА КАТТОО АЧЫЛДЫ!

🚀 «Энелер-Мария» — бул энелер менен мугалимдерди колдоого багытталган узак мөөнөттүү долбоор. Алар жаш муунга чоң таасир тийгизгендиктен, долбоордун максаты — алардын жеке жана кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү. Быйыл долбоорго Кыргызстандан гана эмес, Казакстандан дагы катышуучулар кабыл алынат!

✨ Долбоордун өзгөчөлүктөрү:
🔶 Долбоорго катышуу акысыз;
🔶 Долбоор энелерге (18 жашка чейинки балдары бар) жана 18 жашка чейинки балдарды окуткан мугалимдерге арналган;
🔶 Психология, каржылык сабаттуулук, критикалык ой жүгүртүү, лидерлик жана сапаттуу билимдин мааниси сыяктуу тармактарда өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү;
🔶 Эл аралык тажрыйбасы мол адистерден тренингдер жана мастер-класстар.

📅 Долбоордун таймлайны:
📌 8-март — долбоордун башталышы;
📌 2025-жылдын апрель — июнь айлары — биринчи этаптын тапшырмалары жана видео сабактар;
📌 15-июнь — каттоо үчүн акыркы күн;
📌 20-июнь — биринчи турдун жыйынтыгы жана финалисттердин аныкталышы;
📌 4–8-июль — Ысык-Көлдөгү интерактивдүү сессиялар жана топтук иш-чаралар менен коштолгон лагер.

💼 Эгер сиз жаңы чакырыктарга даяр болсоңуз, кесиптик өсүүгө умтулсаңыз жана жаш муундун өнүгүшүнө салым кошкуңуз келсе, анда бул долбоор дал сиз үчүн!

🔗 Каттоо үчүн биздин шилтемеге кириңиз.
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!