Министерство культуры, информации и молодежной политики КР проведет отбор по определению представителя КР на международный музыкальный конкурс «Интервидение» .
Заявки на участие в отборе принимаются с 12 по 24 марта 2025 года (включая 24 марта). Заявку необходимо направить на адрес электронной почты: intervidenie.minculture@mail.ru. Форму заявки можно скачать на официальном сайте Министерства:
https://minculture.gov.kg
Критерии отбора:
Процесс отбора открытый. Участвовать могут:
— вокалисты
— музыкальные коллективы (не более 6 человек)
Для участия в отборочном туре подается заявка, в которой необходимо указать следующую информацию:
— фамилия, имя, отчество (при наличии);
– место жительства, юридический адрес;
– информация о контактном номере телефона или других способах связи.
К заявке на участие в отборочном туре необходимо приложить следующие документы:
* копию паспорта;
* сведения о произведении (название произведения, имя автора, жанр);
* резюме;
* сертификаты, дипломы и т.п. за участие в международных конкурсах.
В случае участия в отборочном туре музыкальных коллективов в заявке необходимо указать название коллектива, вышеуказанную информацию обо всех авторах с указанием их авторства.
Требования к участию:
* Должен быть популярным исполнителем или музыкальным коллективом в Кыргызстане;
* Участник должен быть лауреатом международных музыкальных премий, а также иметь информацию о своих карьерных достижениях (со ссылкой на Википедию, пресс-релиз и биографию);
* Участник должен быть не моложе 16 лет;
* На сцене должно быть не более 6 исполнителей;
* Песня участника прослушивания должна быть выпущена в 2024 году в КР или написана специально для прослушивания;
* Тема стихотворения должна соответствовать ценностям конкурса рецензий;
* Продолжительность песни должна быть не менее 2 минут и не более 3 минут;
* Песня должна быть написана в жанре популярной музыки. Могут присутствовать этнические и фольклорные дополнения/узоры, отражающие культуру;
* Песня может быть исполнена на любом языке народов мира;
* Песня должна быть исполнена вживую во время финала.
Контактные телефоны:
- Департамент развития искусств и реализации политики Министерства: 0312 62-11-94;
- Отдел народного творчества Национального культурного центра: 0312 88-69-33.
Подробнее о Международном музыкальном конкурсе «Интервидение»:
Президент Российской Федерации Владимир Путин подписал Указ о проведении Международного музыкального конкурса «Интервидение» в Москве и Московской области. Этот конкурс является первой в мире музыкальной выставкой, направленной на укрепление межнациональных связей, популяризацию национальных музыкальных традиций и пропаганду общечеловеческих ценностей.
Цель конкурса — поддержка музыкальных талантов по всему миру, знакомство стран с культурными достижениями и укрепление дружбы между народами мира.
Цели конкурса:
- Знакомство с культурными традициями стран-участниц.
- Укрепление дружеских связей по всему миру посредством творчества.
- Каждый участник является отражением уникальности страны.
- Поддержка музыкальных талантов на международной сцене.
Присоединяйтесь к отбору и получите возможность представить Кыргызстан на мировой музыкальной сцене!
***********
“Интервидение” эл аралык музыкалык сынагына Кыргыз Республикасынын атынан катышууга тандоо жарыялайт
“Интервидение” эл аралык музыкалык кароо сынагына Кыргыз Республикасынынын атынан катышуучуну аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тандоо өткөрөт.
Тандоого катышуу үчүн өтүнмөлөр 2025-жылдын 12-мартынан тартып 24-мартына чейин (24-мартты кошуп эсептөө менен) кабыл алынат. Өтүнмөнү төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү керек: intervidenie.minculture@mail.ru. Өтүнмөнүн формасын Министрликтин расмий баракчасынан алууга болот:
https://minculture.gov.kg
Тандоо шарттары:
Тандоо туру ачык болуп саналат. Ага төмөнкүлөр катыша алат:
– Ырчылар
– Музыкалык топтор (6 адамдан көп эмес)
Тандоо туруна катышуу үчүн өтүнмө берилет, анда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
– фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо);
– жашаган жери, катталган дареги;
– байланыш телефонунун номери же байланыштын башка ыкмалары жөнүндө маалымат.
Тандоо туруна катышууга өтүнмөгө төмөнкү документтер тиркелет:
* паспорттун көчүрмөсү;
* чыгарма тууралуу маалымат (чыгарманын аталышы, авторунун аты-жөнү, жанр);
* резюме;
* эл аралык сынактарга катышуу жөнүндө сертификаттарды, грамоталарды, дипломдорду ж.б.
Эгерде тандоо туруна музыкалык жамааттар катышса, анда өтүнмөдө жамааттын аталышы, алардын автордук катышуусун тактоо менен бардык авторлор жөнүндө жогоруда аталган маалыматтар көрсөтүлөт.
Катышуу талаптары:
* Кыргыз Республикасында популярдуу аткаруучу же музыкалык топ болушу зарыл;
* Катышуучу эл аралык музыкалык сыйлыктардын ээси болушу керек, ошондой эле карьерасындагы жетишкендиктери тууралуу маалымат (Википедияга шилтеме, пресс-релиз жана өмүр баяны менен);
* Катышуучунун жашы 16дан кем эмес;
* Сахнада 6дан ашык аткаруучу болбошу керек;
* Катышуучунун кароо сынактык ыры Кыргыз Республикасында 2024-жылы чыгарылган же атайын кароо сынагы үчүн жазылган ырды аткарышы керек;
* Ырдын темасы кароо сынагынын баалуулуктарына дал келиши керек;
* Ырдын узактыгы 2 мүнөттөн кем эмес жана 3 мүнөттөн ашык болбошу керек;
* Ыр популярдуу музыка жанрында жазылышы керек. Маданиятты чагылдырган этникалык жана фольклордук кошумчалар/үлгүлөр болуусу мүмкүн;
* Ыр дүйнө элдеринин каалаган тилинде аткарылышы мүмкүн;
* Финал учурунда ырды жандуу аткаруу шарт.
Байланыш телефондору:
- Министрликтин Искусствону өнүктүрүү жана саясатты жүргүзүү башкармалыгы: 0312 62-11-94;
- Улуттук маданий борборунун эл чыгармачылык бөлүмү: 0312 88-69-33.
“Интервидение” эл аралык музыкалык сынагы тууралуу кененирээк маалымат:
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Москва шаарында жана Москва облусунда “Интервидение” эл аралык музыкалык сынагынын өткөрүү жөнүндө Жарлыкка кол койгон. Бул сынак улуттар аралык байланыштарды чыңдоого, улуттук музыкалык салттарды жайылтууга жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды жайылтууга багытталган дүйнөдөгү биринчи музыкалык ЭКСПО болуп саналат.
Сынактын максаты - дүйнө жүзү боюнча музыкалык таланттарды колдоо, мамлекеттердин маданий жетишкендиктери менен таанышуу жана дүйнө элдердин достугун чыңдоо.
Сынактын милдеттери:
- Катышуучу өлкөлөрдүн маданий салттары менен таанышуу.
- Чыгармачылык аркылуу дүйнөдө достук мамилелерди чыңдоо.
- Ар бир катышуучу - өлкөнүн уникалдуулугун чагылдыруу.
- Эл аралык сахнада музыкалык таланттарды колдоо.
Тандоого кошулуңуз жана Кыргызстанды дүйнөлүк музыкалык аренада көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алыңыз!