Восточно-Казахстанский областной театр драмы и оперетты впервые гастролирует в Бишкеке
Восточно-Казахстанский областной театр драмы и оперетты впервые посетит Кыргызстан (Бишкек) и выступит на сцене Т. Он представит свои спектакли на сцене Кыргызского национального академического драматического театра имени Абдумомунова.
19 мая спектакль «Шынарым мын, ширайлым мын».
Спектакль по повести великого писателя Чингиза Айтматова «Дельбирим» — произведение, полное тонкой лирики и трагизма, философии и вечных человеческих вопросов. Каждая сцена оставляет впечатление душевного разговора.
20 мая, спектакль «Толгак» («Толгоо»)
Пьеса известного кыргызского драматурга Женишгуль Озубековой — мощное эмоциональное произведение о женской судьбе, чувстве материнства, невидимых страданиях и судьбоносном выборе, который меняет все.
Эти выступления подобны зеркалу времени, отображающему душераздирающие, согревающие душу и заставляющие задуматься сцены.
Приглашаем зрителей в Бишкеке стать свидетелями трогательных моментов.
Представления начинаются в 19:00.
Театр – искусство, не знающее границ! Да здравствует театр!
___________________________
Чыгыш Казакстан облустук драма жана оперетта театры Бишкек шаарында алгачкы ирет гастролдо
Чыгыш Казакстан облустук драма жана оперетта театры алгачкы жолу Кыргызстанга (Бишкек) гастролдук сапар менен келип, 19-20-май күндөрү Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын сахнасында спектаклдерин тартуулайт.
19-май, “Шынарым менің, шырайлым менің” (“Чынарым менин, чырайлуум менин”) спектакли
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” повестинин негизинде сахналаштырылган бул спектакль – назик лирикага жана трагизмге, философияга жана түбөлүк адамдык суроолорго толгон чыгарма. Ар бир көрүнүшү – дилден чыккан сырдашуу сымал элес калтырат.
20-май, “Толғақ” (“Толгоо”) спектакли
Кыргыздын белгилүү драматургу Жеңишгүл Өзүбекованын пьесасы – аял тагдыры, энелик сезим, сыртынан көрүнбөгөн азап жана барын өзгөрткөн тагдыр тандоосу тууралуу күчтүү эмоцияга бай чыгарма.
Аталган спектаклдерде – убакыттын күзгүсү сымал, жүрөк ооруткан, көңүл кубанткан жана ойго салган көрүнүштөр баяндалат.
Бишкек шаарындагы көрүүчүлөрдү таасирдүү көз ирмемдерге күбө болууга чакырабыз.
Спектаклдер саат 19:00дө башталат.
Театр – чек билбеген өнөр! Жаша, театр!