Категории (558)

Женщины в науке и инновационном образовании

Четверг, 16 ноября 2023 с 08:00 до 17:00 UTC+06
Женщины в науке и инновационном образовании
Бесплатно
Оффлайн: г. Бишкек , ​Бульвар Эркиндик, 58а
Кыргызпатент
536
Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү!

Сиздерди "Аялдар илимде жана инновациялык билимде” Борбордук Азия форумуна чакырабыз!

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) жана Кыргыз Республикасындагы Ага Хан өнүктүрүү фондунун колдоосунда 2023-жылдын 16-ноябрында Инновациялык борбордо (дареги Эркиндик бульвары, 58а) “Илимдеги аялдар” долбоорунун алкагында “Аялдар илимде жана инновациялык билимде” Борбордук Азия форумун өткөрөт.

Долбоордун негизги максаты - илимий-изилдөө жана инновациялык ишмердүүлүккө дем берүү, жеке сектордо илимий натыйжаларды алдыга жылдырууну/ишке киргизүүнү колдоо.

Форум аялдар жетектеген изилдөөлөрдү жана инновацияларды эл аралык жана аймактык мыкты тажрыйбалар аркылуу өркүндөтүү максатын көздөйт.

Катышуучулар илимий-техникалык потенциалды чыңдоо маселелерин талкуулашат жана ЖОЖдордун интеллектуалдык ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын коммерциялаштыруу жана ЖОЖ кызматкерлери үчүн инновациялык тренингдерди уюштуруу боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгышат.

Саламдашуу сөзү менен: Байсалов Эдил Жолдубаевич – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Керимбаева Рахат Топчубаевна – Кыргызпатенттин директору, Кендирбаева Доктуркүл Шаршеевна – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Соня Каббаши-Ангелькович – Кыргыз Республикасындагы GIZ “Борбордук Азиядагы экономикалык өсүш секторлору үчүн кесиптик билим берүү” долбоорунун жетекчиси, Давлатсултон Доргобекова – Ага Хан Фондунун филиалынын жетекчиси жана Улзийсурен Жамсран – “БУУ- Аялдар” структурасынын Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран чыгышат.

Форумдун алкагында “Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” конкурсунун “Мыкты ойлоп табуучу”, “Мыкты бренд” (Мыкты соода белгиси), “Техникалык чыгармачылык ийриминин мыкты жетекчиси”, “Жаш техник” номинациялары боюнча жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи өткөрүлөт.

Мындан тышкары, форумда “Илимдеги аялдар” долбоорун жыйынтыктоо катары “Илимдеги аялдар – өзгөрүүнүн кыймылдаткыч күчү” китебинин бет ачары болот.

@kyrgyzpatent.kg
Автор
Другие мероприятия автора
Мероприятие на тему «Музыка и интеллектуальная собственность»
Мероприятие на тему «Музыка и интеллектуальная собственность»
Пятница, 18 Апреля 2025
Международная конференция «Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана инновациялык ишмердүүлүктү активдештирүү жана стимулдаштыруу»
Международная конференция «Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана инновациялык ишмердүүлүктү активдештирүү жана стимулдаштыруу»
Четверг, 17 Апреля 2025
Онлайн-воркшоп с целью создания движения Startup Friendly
Онлайн-воркшоп с целью создания движения Startup Friendly
Среда, 12 Марта 2025
Программа «Звезды Технологий Будущего»
Программа «Звезды Технологий Будущего»
Понедельник, 10 Марта 2025
Смотрите также
Восточный экономический форум 2025 во Владивостоке!
Восточный экономический форум 2025 во Владивостоке!
Воскресенье, 13 июля 2025
Летний IT лагерь для детей┃Бишкек 4 поток с  14.07.2025
Летний IT лагерь для детей┃Бишкек 4 поток с 14.07.2025
Понедельник, 14 июля 2025
Тренинг: «Стартуй! Бизнес с нуля»
Тренинг: «Стартуй! Бизнес с нуля»
Понедельник, 14 июля 2025
Тренинг: «Эффективное управление через KPI»
Тренинг: «Эффективное управление через KPI»
Вторник, 15 июля 2025
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!