Обязательная маркировка товаров легкой промышленности на территории РФ

29/10/2024
747
Обязательная маркировка товаров легкой промышленности на территории РФ
2025-жылдын 1-мартынан тартып жеңил өнөр жай товарлары Россиянын аймагында милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш / С 1 марта 2025 года ряд товаров лёгкой промышленности подлежит обязательной маркировке на территории России

🔹Салык кызматы 2025-жылдын 1-мартынан тартып Россия Федерациясынын аймагында милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон жеңил өнөр жай товарларынын тизмеси жаңы позициялар менен кеңейтилээрин маалымдайт.

🔹Ата мекендик экспорттоочулар жана өндүрүүчүлөр аталган жеңил өнөр жай товарларын маркалоосу зарыл.

🔹Жаңы товардык топтор үчүн маркалоонун коддорун алуу үчүн Кыргыз Республикасынын товарларын маркалоонун жана көзөмөлдөөнүн Улуттук оператору «Альфа Телеком» ЖАКка кайрылуу керек.

🔹Main.teksher.kg сайтындагы «Текшер» маалыматтык системасы аркылуу маркалоо оператору менен келишим түзүп, продукцияны товарлар каталогуна каттоо керек.

🔹Алынган маркалоо коддору продукциянын көрсөтүлгөн түрлөрүн Россия Федерациясына экспорттоого мүмкүндүк берет.

🔹Маркалоо коддорун алуу жөнүндө толук маалыматты main.teksher.kg сайтынан же 0999 333 999 номери аркылуу алууга болот.

🔹Товарлардын тизмеси менен бул жерден таанышууга болот: https://sti.gov.kg/news/details/bda76714-defc-4c51-9d9d-99f2272ec1e0
Источник: https://www.instagram.com/p/DBtEovdIxMg/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==
Авторизуйтесь, для того чтобы оставить комментарий
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!