С 1 по 6 сентября в Иссык-Кульской области пройдут VI Всемирные игры кочевников. Для безопасности зрителей и спортсменов на территории проведения мероприятий вводятся ограничения на пронос ряда предметов.
Под запретом оружие и боеприпасы, ножи и другие предметы с острыми краями, взрывчатые вещества, пиротехника, горючие и химические вещества. Нельзя также проносить алкогольные напитки, стеклянную тару и лазерные указки.
Дроны и другие летательные аппараты разрешено проносить и использовать только при наличии соответствующего разрешения. Организаторы советуют заранее проверить содержимое сумок, чтобы избежать проблем при входе на площадки Игр.
➖➖➖
1-сентябрдан 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Көрүүчүлөрдүн жана спортчулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн иш-чара өтүүчү жайларга айрым буюмдарды алып кирүүгө чектөө киргизилди.
Тыюу салынган буюмдардын арасында курал-жарак жана ок-дары, бычак жана мизи курч буюмдар, жарылуучу заттар, пиротехника, күйүүчү жана химиялык заттар бар. Ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди, айнек идиштерди жана лазердик көрсөткүчтөрдү алып кирүүгө болбойт.
Дрондорду жана башка учуучу аппараттарды атайын уруксаты жок колдонууга жана алып кирүүгө да тыюу салынат. Уюштуруучулар көрүүчүлөрдү кире бериште көйгөй жаралбашы үчүн сумкаларын алдын ала текшерүүгө чакырат.