Категории (849)

Налоговая служба: после маркировки топлива налоговые поступления выросли на 34,2% за полгода

11/04/2025
579
Налоговая служба: после маркировки топлива налоговые поступления выросли на 34,2% за полгода
Салык кызматы: Күйүүчү майды маркалоодон кийин салык кирешелери жарым жылда 34,2 % өстү.

Күйүүчү майды милдеттүү маркалоо тутуму ишке киргенден баштап алты айдын ичинде – 2024-жылдын 1-октябрынан 2025-жылдын 31-мартына чейин, мунай-трейдерлерден мамлекеттик бюджетке 14,9 млрд сом салык түшкөн. Бул 2023-2024-жылдардын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 млрд сомго же 34,2 %га көп. Анын ичинде акциз салыгы боюнча түшүүлөр 700 млн сомго көбөйгөн.

Тутум ишке кирген биринчи жарым жылдыкта 853 миң 489,2 тонна күйүүчү майы, анын ичинде 457 миң 184,8 тонна – бензин, 396 миң 304,4 тонна – дизель отуну маркаланган.

Маркалоо жууп-тазалоого жана жасалмалоого туруктуу молекулярдык маркерди колдонуу менен жүргүзүлөт. Бул күйүүчү майлардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Маркалоо тумунунун оператору болуп "Учкун" ААК эсептелет.

Көмүскө рынок менен күрөшүү жана сапатын жогорулатуу
Маркалоо тутуму күйүүчү майлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүгө, май куюучу жайларда отундун сапатын жакшыртууга, ошондой эле отун майын алып-сатуунун ачык-айкындуулугун жана көлөмүн контролдоого багытталган.
2025-жылдын январынан тартып Кыргызстанда күйүүчү майды маркалоосуз жүгүртүүгө расмий тыюу салынган. Акыркы эле текшерүүлөрдүн жүрүшүндө маркаланбаган күйүүчү май саткан 10 май куюучу жай аныкталды.

Мыйзам бузуу үчүн жоопкерчилик
Салык кызматы эскертет: маркаланбаган күйүүчү майды сатууга, ташууга же сактоого тыюу салынган. Бул жөн эле мыйзам бузуу эмес, кылмыш иши болуп саналат. Эгерде ири көлөмдөгү (200 литрден жогору) маркаланбаган күйүүчү май аныкталса – айып салынышы (3000ден 5000 эсептик көрсөткүчкө чейин) же 3 жылга чейин камакка алынышы мүмкүн. Эгерде көлөмү андан да көп болсо (500 литр жана андан көп) – 7000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып санылышы же 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Источник: https://www.instagram.com/p/DIS-d8rtr6R/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==
Авторизуйтесь, для того чтобы оставить комментарий
Автор
Другие новости автора
Изменился порядок приобретения страховых полисов
Изменился порядок приобретения страховых полисов
Влияние налоговых реформ на сборы
Влияние налоговых реформ на сборы
Налоговая служба запускает SMS-уведомления о налоговой задолженности через мобильных операторов | Салык кызматы уюлдук операторлор аркылуу салык карыздары жөнүндө билдирүүлөрдү жөнөтүү кызматын ишке киргизди
Налоговая служба запускает SMS-уведомления о налоговой задолженности через мобильных операторов | ...
Новые функции в помощнике - 161
Новые функции в помощнике - 161
Единый налоговый счет и упрощение жизни налогоплательщиков | Бирдиктүү салык эсеп
Единый налоговый счет и упрощение жизни налогоплательщиков | Бирдиктүү салык эсеп
Смотрите также
В Кыргызстане изменены сроки оформления счетов-фактур
В Кыргызстане изменены сроки оформления счетов-фактур
ГНС ведет работу по переводу информационных систем на кыргызский язык
ГНС ведет работу по переводу информационных систем на кыргызский язык
ГНС запустила виртуального помощника «Айсалык» на базе искусственного интеллекта
ГНС запустила виртуального помощника «Айсалык» на базе искусственного интеллекта
Партии и религиозные организации могут обязать отчитываться перед налоговой
Партии и религиозные организации могут обязать отчитываться перед налоговой
Новый Налоговый кодекс РК толкает предпринимателей к релокации в Кыргызстан и Узбекистан
Новый Налоговый кодекс РК толкает предпринимателей к релокации в Кыргызстан и Узбекистан
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!