Салык кызматы менен бажы кызматы биргеликте автоматташтырылган маалымат алмашуу системасын ишке киргизди/Налоговая служба запускает автоматизированный обмен данными с Государственной таможенной службой
✅ Мамлекеттик салык кызматы бажы кызматы менен биргеликте маалымат алмашуунун автоматташтырылган системасын ишке ашырды.
🔷 Жаңы платформа тышкы экономикалык ишмердүүлүккө (ТЭИ) катышуучуларга кызмат көрсөтүүнү ыкчам, ачык жана ыңгайлуу кылууга багытталган.
📝 Долбоордун максаттары:
Салыктык каттоонун статусун жана салык менен камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздын жок экенин ырастоо тартибин тездеттүү болуп саналат. Ошондой эле кагаз жүзүндөгү арыздарды жана мекемелерге баруусуз эле депозиттик эсептердеги КНСти кайтаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жана тездетүүнү камтыйт.
Кагаз жүзүндөгү маалымкаттарды чогултуу жана жазуу түрүндөгү суроо-талаптарды жөнөтүү зарылдыгы жокко чыгарылат.
📄 Интеграция эмнени камтыйт?
Мекемелер ортосунда төмөнкү маалыматтарды автоматташтырылган түрдө берүү:
Ишканалардын салыктык каттоо статусу;
Салыктык карыздын бар же жоктугу жөнүндө маалымат;
ЕАЭБ өлкөлөрүндө төлөнгөн КНС боюнча маалыматтар;
Камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздар жөнүндө маалымат.
🔷 Артыкчылыктары:
Маалымкат алуу убактысын бир нече күндөн бир нече саатка чейин кыскартуу;
Ачык-айкындуулугун жогорулатуу;
Бизнес үчүн ыңгайлуулук, азыраак баруу, кагаз иштери;
МСК жана МБК кызматкерлери үчүн ишти жөнөкөйлөтүү.
🔷 “МБК менен маалымат алмашууну ишке киргизүү — бул салыктык жана бажы процедураларын санариптештирүү жолундагы маанилүү кадам. Жаңы система бизнеске керектүү маалыматты эч кандай кечигүүсүз жана бюрократиясыз алууга мүмкүнчүлүк берет”, — деп белгиледи МСКдагы долбоор жетекчиси.
📝 Жакынкы кадамдар:
Техникалык интеграция аяктады, система учурда сытноо режиминде иштеп жатат;
Жакынкы жумаларда бул система чакан жана орто бизнести да камтыйт;
МСК жана МБК ТЭИ катышуучулары үчүн функционалды жаңыртып, өз ара аракеттенүүнү жакшыртууну улантат.