Кара Кызыл Сары | ТРЕЙЛЕР | Режиссер - Актан Арым Кубат

26/08/2025
222
Тасма килемчи аял Турдугулдун тагдыры тууралуу баяндайт. Гилемчилик өнөр, гилемдин  адамдардын турмуш-тиричилигиндеги мааниси, ролу  башкы каарман Турдугүл гилемчинин  баштан кечирген өмүрү аркылуу берилет. Гилем ошол жасатып аткан үйдүн тилегин, ынтымак-ыркын (же чыр-чатагын), жашоо мүнөзүн чагылдырып турган күзгү. Тасмада сүйүү, үй-бүлөлүк моралдык жоопкерчилик темалары көтөрүлүп, миграция жана чек ара райондорундагы турмуш көйгөйлөрү да чагылдырылат.
Сценарийдин авторлору: Топчугүл Шайдуллаева, Актан Арым Кубат
Койгон режиссер: Актан Арым Кубат
Койгон оператор: Талант Акынбеков
Өндүрүүчү мекеме: Кыргызфильм
Башкы ролдордо: Наргиза Маматкулова, Мирлан Абдыкалыков, Айгүл Бусурманкулова 
Драма, 93 мүнөт, кыргыз тилинде, орус субтитрлери менен
Тасма Шанхай эл аралык кинофестивалында "Эң мыкты тасма" баш байгени утуп алган.
Авторизуйтесь, для того чтобы оставить комментарий
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!