Cалык кызматы үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тартып, коомдук тамактануу чөйрөсүндө маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырды.
Бул пилоттук долбоор Салык кызматынын системасы менен ишканалардын буга чейин иштеп жаткан эсепке алуу системаларын интеграциялоого багытталган. Бул товарларды же кызматтарды сатып алууда ар бир эсептөөнү каттап, маалыматтарды Салык кызматынын системасына өткөрүп берет. Кошумча чектерди жана башка кассалык аппаратты колдонбостон, эсепке алуу программасынан түз эле фискалдык чек түзүп берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Маалыматтарды берүү функциясы операциянын жыйынтык суммасын дароо Салык кызматынын системасына жөнөтөт.
Маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону киргизүү ишкерлерди кассалык аппараттарды сатып алуу милдетинен куткарып, кошумча жабдууларды орнотууну талап кылбайт.
Мындан тышкары, бул санариптик чечим эсептөөлөрдү ачык-айкын кылып, көмүскө экономиканы кыскартат. Ошондой эле, бизнестин ишин жөнөкөйлөтүп, ишкерлерге ыңгайлуулукту камсыз кылат.
Пилоттук долбоор төмөнкү мөөнөттөрдөн баштап бизнестин башка тармактарына да жайылтылат:
– 2025-жылдын 1-октябрынан тарта — мейманканаларда,
– 2026-жылдын 1-февралынан баштап — май куюучу жайларда.
Долбоор 2026-жылдын 31-июлуна чейин Бишкек, Жалал-Абад жана Ош шаарларында уланат.
Бул пилоттук долбоорду ишке ашыруу салык системасын санариптештирүүнүн маанилүү этабы болуп саналат. Ал ишкерлер арасында фискалдык программалык камсыздоону андан ары массалык түрдө киргизүү үчүн шарттарды түзөт.
Башка региондордо иштеген жана пилоттук долбоорго ыктыярдуу негизде катышууну каалаган ишкерлер, Салык кызматына кайрылып, катышуу шарттарын макулдашса болот. Кененирээк маалыматты 0312 62-08-67 номери аркылуу алууга болот.