Мамлекеттик салык кызматы ишкерлердин жеке жактарга же үчүнчү жактарга катталган электрондук капчыктарды, QR-төлөмдөрдү жана башка накталай эмес төлөм жолдорун колдонуусу мыйзам бузуу болуп саналаарын эскертет.
Бардык накталай эмес төлөм каражаттары сөзсүз түрдө алардын ишкердигинде колдонуп жаткан жеке ишкердин же юридикалык жактын атына катталышы керек.
Жеке жактардын же башка адамдардын атына, анын ичинде жакын туугандарына катталган электрондук капчыктарды пайдаланууга кескин түрдө тыюу салынат.
Жеке ишкер же юридикалык жак катары иш жүргүзгөн учурда электрондук капчык ошол жеке ишкерге же уюмга гана катталууга тийиш.
Накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жеке жактарга же башка жактарга катталган электрондук капчыктарды колдонуу иш жүзүндөгү кирешелерди жашырууга, салык милдеттенмелерин төмөндөтүүгө жана ишти укуктук талаадан тышкары жүргүзүүгө алып келет.
Мындай аракеттер тең укуктуу атаандаштыкты бузат жана көмүскө экономиканын өсүүсүнө өбөлгө түзөт.
Cалык кызматы бардык ишкерлерди төлөмдөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана мыйзамды так сактоого чакырат. Бул адилеттүү атаандаштыкты өнүктүрүүгө, ыңгайлуу ишкер чөйрөнү түзүүгө жана туруктуу экономикалык өсүшкө өбөлгө болот.