Салык кызматы 1-октябрдан тартып мейманкана бизнесине фискалдык маалыматтык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизет
Мамлекеттик салык кызматы мейманкана секторунда маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоордун башталгандыгын билдирет.
Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасынын орун басары Азат Алманбетов “Спутник Кыргызстан” радиосуна берген маегинде билдирди.
Салык кызматынын төрагасынын орун басары Азат Алманбетов мейманкана бизнесинин иши коомдук тамактануу тармагынан айырмаланып турарын белгиледи. Ал буга байланыштуу система ар бир тармактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен киргизилип жатканын кошумчалады.
Эске салсак, пилоттук долбоор коомдук тамактануу тармагына 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып киргизиле баштаган жана ал этап-этабы менен ишке ашырылат:
• 2025-жылдын 1-октябрынан тартып — мейманканаларда;
• 2026-жылдын 1-февралынан баштап — май куюучу жайларда.
Пилоттук долбоорду ишке ашыруу 2026-жылдын 31-июлуна чейин улантылып, Бишкек, Жалал-Абад жана Ош шаарларына жайылтылат.
Ошондой эле, өздүк эсепке алуу системасы бар салык төлөөчүлөр долбоорго иш чөйрөсүнө карабастан ыктыярдуу түрдө катыша алышат.
Туруктуу иштөөнү жана жогорку жүктөмдөргө даярдыкты камсыз кылуу үчүн сервердик кубаттуулукка талдоо жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, учурдагы техникалык ресурстар жетиштүү жана ашыкча жүк болбойт.
"Талдоонун жыйынтыгы техникалык көйгөйлөрдүн пайда болушуна негиз жок экендигин көрсөттү", — деп баса белгиледи төраганын орун басары Азат Алманбетов.
Фискалдык программалык камсыздоо Салык жана бухгалтердик эсепке алуу, ошондой эле бизнес-процесстерди автоматташтыруу максатында колдонулган салык төлөөчүлөрдүн ички эсеп системасы болуп эсептелет.
Ал Салык кызматынын маалыматтык системалары менен түздөн-түз интеграцияланып, сатуулар жөнүндө маалыматтарды берүүнү жана ККМ чектерин түзүүнү түздөн-түз эсепке алуу системасы аркылуу ишке ашырат. Бул маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылат.
Пилоттук долбоорго катышуу үчүн ишкерлер Мамлекеттик салык кызматынын тиешелүү аймактык органдарына кайрылса болот.
МСКнын басма сөз кызматы
С 1 октября ГНС запускает пилотный проект по внедрению ФПО в гостиничном бизнесе
Государственная налоговая служба сообщает о начале пилотного проекта по внедрению фискального программного обеспечения с функцией передачи данных в гостиничном секторе. Об этом в эфире радио Спутник Кыргызстан сообщил заместитель председателя ГНС Азат Алманбетов.
Как отметил заместитель председателя ГНС Азат Алманбетов, специфика деятельности гостиничного бизнеса отличается от сферы общественного питания, в связи с чем система внедряется с учётом особенностей каждой отрасли.
Напомним, пилотный проект стартовал 1 сентября 2025 года в сфере общественного питания и реализуется поэтапно:
• с 1 октября 2025 года — в гостиничном бизнесе;
• с 1 февраля 2026 года — на автозаправочных станциях.
Реализация пилотного проекта будет продолжаться до 31 июля 2026 года и охватит г. Бишкек, г. Джалал-Абад и г. Ош. При этом налогоплательщики, имеющие собственные учётные системы, могут добровольно подключиться к проекту независимо от сферы деятельности.
Для обеспечения стабильной работы и готовности к пиковым нагрузкам проведён анализ серверных мощностей. По итогам проверки установлено, что текущие технические ресурсы достаточны, и перегрузок не ожидается.
«Результаты анализа показали, что оснований для возникновения технических проблем нет», — подчеркнул заместитель председателя ГНС Азат Алманбетов.
Фискальное программное обеспечение представляет собой внутренние учётные системы налогоплательщиков, применяемые для целей налогового и бухгалтерского учёта, а также автоматизации бизнес-процессов. ФПО напрямую интегрируется с информационными системами налоговой службы, что обеспечивает передачу данных о продажах и формирование чеков ККМ непосредственно из учётной системы. Это гарантирует достоверность и надёжность учётных данных.
Для участия в пилотном проекте предпринимателям необходимо обратиться в соответствующие территориальные органы Государственной налоговой службы.
Пресс-служба ГНС