УЛУТТУК КООПСУЗДУК | ТРЕЙЛЕР 2 | 17-октябрдан баштап кинотеатрларда
07/10/2025
354
"Улуттук коопсуздук" тасмасы 17-октябрдан кинотеатрларда. Кыргызстандын акыркы 30 жылдык оор тагдырын баяндайт. Аскерде кызмат өтөп келген Азат, балалык досторунун криминалдык чөйрөгө аралашып кеткенин көрөт. Аларга кошулуп жагымсыз окуяга туш болот жана үй-бүлөөсүн кыйын кырдаалга дуушар кылат. Окуядан сабак алып, таза жашоону тандаган Азат, жогорку окуу жайын аяктап, коопсуздук кызматында иштеп баштайт. Өлкө бир канча ыңкылапты башынан өткөрүп, мамлекетте бандиттер жана жемкорлор чардап турат. Крим чөйрөдө карьера түптөп баштаган балалык достору менен тагдыр аны кайрадан жолуктурат. Кыргызстандын жаркын келечеги - УКМКнын кызматкери болгон Азаттан чечкиндүү кадамдарды талап кылат.