27-ноябрдан баштап — бардык кинотеатрларда!
Жамалбек айылда жашаган карапайым айдоочу. Кызы Мээримди өзү жалгыз тарбиялап өстүргөн. Ошондуктан жалгыз калуудан коркуп, кызын турмушка да узаткысы келбейт.
Мээримдин колун сурап келген жигитке макул болбой койгондон кийин ал жакшы акча табуу үчүн ойлоно баштайт. Бирөөнүн кымбат жүгүн жетекирмекчи болуп, бирок аны жоготуп алып, карызга белчеден батып калат.
Андан кийин ал кызын күйөөгө узатууга макул болуп, кыз узатуудан түшкөн акча менен карызын жабам деп ойлойт. Бирок Мээрим атасынын максатын билип алат.
Айласы куруган Жамалбек абийир менен үй-бүлөнүн ортосунда калып, кырдалдан чыгуунун жолун издейт.
Год:2025
Режиссер: Нияз Абазганов
Жанр: Лирическая комедия
Язык: Кыргызский
Субтитры: на русском языке
Длительность: 76 минут
Актеры: Жээнбек Моношов, Руслан Орозакунов, Камчы Сарыбаев, Элиза Рыскулова, Нурланбек уулу Абдусалим, Айнар Тургунбаева, Риза Дуйшен, Акмат Джумашев, Ормошбекова Мадина
Страна: Кыргызстан
Премьера: 27 го ноября 2025 года